ДЕН СООЛУК

Жарандардын саламаттыгы коммерциялык кызыкчылыктардан жогору: Бишкекте Тамекиге каршы мыйзамды ишке ашыруу талкууланды

665

Бүгүн, 17-декабрда Бишкекте “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруудагы кыйынчылыктар жана аны чечүүнүн жолдору”” темасында тегерек стол болуп өттү.

Иш-чарага КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, Ички иштер министрлигинин, Экономика министрлигинин жана башка ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдо белгиленгендей, тамеки менен күрөшүү боюнча коомдук саламаттык сактоонун мамлекеттик саясатынын негизги принциби — бул тамеки өнөр жайынын кызыкчылыгынан жарандардын ден соолугун коргоону  жогору коюу. Тамеки керектөө-бул мамлекет тарабынан берилген укук эмес, бул кескин чараларды талап кылган зыяндуу көз карандылык.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул иш — чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, Тамекиге каршы күрөшүү-улут саламаттыгы жана келечек муундар алдындагы социалдык-экономикалык милдет экендигин белгиледи. Ал өз сөзүндө Кыргызстан тамеки тартууга каршы күрөштө колдоно ала турган эл аралык ийгиликтүү тажрыйбанын мисалдарын келтирди.

Республикалык Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун Тамеки керектөөнү алдын алуу жана токтотуу бөлүмүнүн башчысы Чинара Бекбасарова мыйзамдардын аткарылышына, анын ичинде 2024-жылы киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө сереп салды.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, жарандардын ден соолугун тамеки түтүнүнөн коргоо жөнүндө Мыйзамды ишке ашырууда пайда болгон тоскоолдуктар тууралуу айтып беришти жана көзөмөлдү жакшыртуу чараларын сунушташты.

Жолугушуунун катышуучулары “Тамекисиз билим ” жаштар кыймылынын активисттеринин агартууга жана сергек жашоо образын колдоого тартуунун мааниси жөнүндө маалыматын угушту. Тегерек столдун жыйынтыгы жарандардын ден соолугун тамеки түтүнүнөн натыйжалуу коргоо үчүн мындан аркы кадамдарды аныктоочу резолюцияны кабыл алуу болду.

Анда мыйзамды ийгиликтүү ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн көзөмөлдөөчү механизмдерди күчөтүү, тамеки түтүнүнүн зыяндуулугу жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле тамекиге көз карандылык менен күрөшүү боюнча натыйжалуу программаларды иштеп чыгуу боюнча сунуштар камтылды.

Мындай демилгелер-жарандардын ден соолугу коммерциялык кызыкчылыктардан жогору турган коомду түзүүдөгү маанилүү кадам.

Leave a Reply

Your email address will not be published.