Бишкек шаарынын «Дордой-2» жаңы конушунда жаңы балдар ойноочу аянтча жана өнүктүрүү борбору ачылды. Бул иш-чара Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо күнүнө карата өткөрүлүп, жергиликтүү тургундарга жана жаш муундарга ыңгайлуу жана коопсуз чөйрө түзүүгө багытталган.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун, Бишкек шаарынын Свердлов муниципалдык администрациясынын, №21 муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү, Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси, жергиликтүү жамааттардын лидерлери жана конуштун жашоочулары катышты.

Мурда балдар чаңдуу көчөлөрдө ойноого аргасыз болуп, жол коопсуздугу маселесине дуушар болушчу. Эми алар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу аянтча түзүлдү. Жаңы өнүктүрүү борбору балдарды, жаштарды жана улгайган адамдарды коомдук турмушка активдүү тартууга багытталган. Ошондой эле, конуштун экологиялык абалын жакшыртуу максатында бак-дарактар отургузулду.

Иш-чаранын алкагында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун өкүлдөрү жана «Дордой» фельдшердик-акушердик пунктунун дарыгерлери тарабынан төмөнкү акысыз медициналык текшерүүлөр уюштурулду:

Кандагы канттын деңгээлин жана артериалдык кан басымды текшерүү;
Өпкөдөгү көмүр кычкыл газынын (CO) деңгээлин “Smokalyzer” аппараты аркылуу аныктоо;
Биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча мастер-класс
Кызамык оорусунун алдын алуу жана кол гигиенасы боюнча мини-лекциялар;


Балдар үчүн ачык асман алдындагы оюндар жана ыктыярчылар менен флешмоб уюштурулуп, балдарга кызыктыруучу белектер жана жарыштын жеңүүчүлөрүнө китептер тапшырылды.

«Дордой-2» жаңы конушунун инфраструктурасын жакшыртуу жергиликтүү жамааттын демилгеси жана шаар администрациясынын, ошондой эле Швейцариянын колдоосу менен ишке ашты. Курулуштун жалпы наркы 3,75 млн сомду түздү, анын ичинен 2,7 млн сомду Швейцария, 1,05 млн сомду Бишкек шаарынын мэриясы каржылаган. Жергиликтүү тургундар да бул ишке активдүү катышып, салым кошушту.

Бул долбоор жергиликтүү тургундардын жашоо шартын жакшыртууга жана ден соолугун чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Categories: Алдын алуу, Балдарга кам көрүү