Алдын алуу

РДЧжМК борборунун адистери Бишкек жана Чүй облусунун дин өкүлдөрүнө кызамыкка каршы эмдөө боюнча тегерек стол өттү

436

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Кызыл Жарым Ай коомунун колдоосу менен Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун дин өкүлдөрүнө кызамыкка каршы эмдөө боюнча бир катар тегерек столдорду өткөрдү. Иш-чара эмдөө менен байланышкан мүмкүн болуучу диний жана этикалык тоскоолдуктарды талкуулоо жана жеңүү максатында өткөрүлдү.

Тегерек столдордун жүрүшүндө эмдөө жөнүндө актуалдуу фактылар жана медициналык маалыматтар, анын ичинде анын эффективдүүлүгү, коопсуздугу жана коом үчүн мааниси көрсөтүлдү. КРда колдонулуучу вакцинанын курамы жана иштеп чыгуу процесси тууралуу суроолорго РЧБМКнын адистери жооп беришти.

Жыйындын катышуучулары моюнга алган ислам дини тыюу салган компоненттердин жоктугу аны мусулман коомчулугунда колдонууга сунуш кылуунун негизги аргументтери болуп саналат.Коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жана эмдөө боюнча так илимий далилдердин негизинде туура маалымат берүүдө диний лидерлердин ролу абдан чоң.

Биздин жамааттык күч-аракетибиз ар бир жарандын ден соолугуна жана бакубаттуулугуна негизделген чечимдерди кабыл алуусу үчүн туура эмдөө маалыматына ээ болушун камсыз кылуу болуп саналат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.