ЖАҢЫЛЫКТАР

11-февраль – Бүткүл дүйнөлүк бейтаптар күнү

123

11- февралда дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрү Бүткүл дүйнөлүк бейтаптар күнүн белгилешет. Бул күн дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө оорулуу адамдар беттешкен кыйынчылыктар тууралуу эскертип турушу керек.

Биринчи кезекте, бул өнөкөт оорулар же оорулардын  айыккыс түрүнөн жапа чеккен бейтаптарга тиешелүү. Бул күнү ооруканаларда, саламаттык сактоо, билим берүү уюмдарында жана башка мекемелерде оорулууларга жардам берүү акциясы өткөрүлөт,сергек жашоо мүнөзүнө үндөө ишке ашырылат ар кандай оорулардын, алдын алуу, дарылоо максаттарына байланыштуу иш чаралар өткөрүлөт.

Бүткүл дүйнөлүк бейтаптар күнүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун медицина кызматкерлери  амбулаториялык же стационардык бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүштү. Нарын облусунда саламаттык сактоо уюмдарында дарыгерлер туура тамактануу, эмчек сүтү менен багуунун артыкчылыктары тууралуу айтып, ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Санитардык-гигиена боюнча лекциялар өткөрүлдү. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык ооруканасынын медициналык кызматкерлери, мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча бейтаптарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тез арада бейтаптардын сакаып кетишин каалап кетти.

Ушундай иш-чаралар ооруларды алдын алуу боюнча бардык аймактык медициналык саламаттык сактоо уюмдарында өткөрүлдү.

Бүткүл дүйнөлүк  бейтаптар күнү (World Day of the Sick) – планетадагы оорукчан адамдар дуушар болгон көйгөйлөргө элдин көӊүлүн буруу.  Бул жыл сайын  дүйнө жүзү боюнча 11 –февралда өткөрүлө турган  иш-чаралар.  Бүткүл дүйнөлүк бейтаптар күнүнүн башкы максаты – бул баардык адамдарды бул же тигил оорулардын курмандыгы болгон адамдардын  баарына боорукер мамиле жасоого чакыруу.

Бул күндүн негизги милдети – азыркы замандын адамдарына жетишпеген мээрим, боорукердикке чакыруу. Баардык эле адамдарга дени сак болуу мүмкүнчүлүгү берилген эмес. Бүткүл дүйнөлүк бейтаптар күнү медициналык мекемелерди оорулуу адамдар туш болгон маселелерге көӊүл буруп, жогорку сапаттагы медициналык жардам көрсөтүү менен моралдык колдоону камсыз кылуу керек. Оорулуу адамга керек болгон маанилүү нерсе – моралдык колдоо көрсөтүү  жана түшүнүү. Биз ар бирибиз оорулуу адамга ага кам көрүү, жылуулук тартуулоо аркылуу, жардам бере алат.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.