Башкаруу

Дарыгерлерге жеткиликтүү турак жай

238

Учурда айлык маянанын аздыгынан улам карапайым калк үчүн туруктуу турак жайга ээ болуу мүмкүнчүлүгү төмөн. Бул маселе, айрыкча мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлерге бир топ кыйынчылык туудуруп келет.
Мындай маселени чечүү жана жеңилдик алып келүү максатында “Ак Босого турак жай сактык кредиттик компаниясы” атайын программа иштеп чыккан.

Программаны тааныштыруу үчүн, 17-февраль күнү мамлекеттик ипотекалык компаниянын кеңсесинде, кредиттик компаниянын уюштуруучулары тарабынан, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын басма сөз катчыларын окутуу курсу болуп өттү.
Мындай окуу курсу басма сөз кызматтарынын сабаттуу, так, эффективдүү иштешине жардам берет.

Ал эми жеңилдетилген программанын негизинде Саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлери да туруктуу турак жайга ээ боло алышат.
Анткени элдин ден соолугуна кам көргөн ак халатчандардын да айлык маянасы төмөн болгондуктан турак жайга муктаж болгондор көп.

«Бүгүн биз мамлекеттик ипотеканын ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн келдик. Бул иш чара биз үчүн абдан маанилүү, анткени бул жерде пресс катчылар тажрыйба жана көндүмдөрдү алмашат, айрым жаңы ыкмаларды бөлүшүп алсак болот.
Негизги маселе турак-жай алуу болду, биздин жарандар үчүн бул маалыматты алуу абдан кызыктуу болот деп ойлойм», – дейт уюштуруучулардын бири медиа эксперт Елена Баялинова.

Жеткиликтүү турак жай алуунун шарттары төмөндө көрсөтүлгөн.

“Ак Босого турак жай сактык кредиттик компаниясы” Ачык акционердик коому Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын демилгеси менен КР Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” жана КР Министрлер кабинетинин “Менин үйүм 2021-2026” программаларында көрсөтүлгөн келишимдик турак жай аманаттарынын механизмин ишке ашыруу аркылуу КРда турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн.
Аталган компаниядан алынган турак жай насыянын пайдалуу өзгөчөлүктөрү:


Өзүңүздүн атыңызда турак жай барбы же жокпу жана мамлекеттик ишкана, бюджеттик мекеме же болбосо жеке ишканада иштейсизби, жер иштетип мал чарбаңызды өнүктүрүп жатасызбы, чет жерде иштеп жүрөсүзбү эске алынат. Жыйынтыгында жагдайга жараша КРнын бардык жарандары арзан турак жай насыясын ала алышат.


Насыянын максималдуу суммасы -4млн.сом
Эң жогорку пайыздык чени -8%
Насыянын суммасы турак жайдын баасынын 50% гана түзөт. Сиз насыяны жеңил төлөйсүз! Себеби, Сиз турак жай сактык кредиттик компаниясынын аманаттык эсебинде үй алууга/салууга керектүү сумманын 50%ын алдын ала топтоп аласыз.

КР мыйзамдарына ылайык, КР Улуттук Банкы кредиттик компаниянын ишин көзөмөлдөйт жана жөнгө салат. Андан сырткары аманатчылардын турак жай аманаттары КР мыйзамына ылайык милдетүү коргоого алат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.