Тамеки

Чүй облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун медайымдары кош бойлуу аялдардын чылым чегүүсүн көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча окутуудан өттү

265

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору, Чүй облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана медайымдардын ассоциациясы менен биргеликте Аламүдүн районунун медайымдарын окуудан өткөрдү. Анда «Чылым чегүүнү алдын алуу жана ага каршы күрөшүү» деген темада тренингдерди өттү.

Тамеки чегүү инфекциялык эмес оорулардын жана кош бойлуулуктун патологиясынын өнүгүүсүнүн коркунучтуу фактору болуп саналат. Кош бойлуу кезде активдүү жана пассивдүү тамеки чегүүнү токтотуу – келечек муундун ден соолугунун ачкычы!

Саламаттыкты сактоо министрлиги, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Дүйнөлүк салматтык сактоо уюмунун аймактык кеңсесинин техникалык колдоосу менен кош бойлуу аялдардын тамеки тартуусун көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча клиникалык колдонмо иштеп чыкты. Окутуудан биринчилерден болуп Чүй облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун  медайымдары окутулду.

«Медайымдар бейтаптар менен байланышта болгон биринчи медициналык адис. Биздин семинар кош бойлуу аялдарга басым жасалып, алардын тамекини колдонуусун алдын алууга жана аны менен каршы күрөшүүгө арналган. Анткени бул этапта аял активдүү же пассивдүү тамеки тартса, анын үй-бүлөсүнө таасир этүүгө мүмкүнчүлүк терезеси бар. Калк арасында тамеки чегүүнүн таралышын жана эң негизгиси кош бойлуулуктун патологиясын азайтуу биздин башкы максатыбыз», – дейт Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун пульмонологу Анара Калиева.

Калиеванын айтымында, Кыргызстанда медайымдар кыска интервенциялар жана тамекини таштоо боюнча тереңирээк кеңеш берүү боюнча мындай комплекстүү окуудан биринчи жолу өтүп жатат. Келечекте мындай окуулар үй-бүлөлүк дарыгерлер үчүн да өткөрүлөт.

«Калктын саламаттыгы көбүнчө медайымдын ишинен көз каранды. Ушундай  тренингдерди өткөргөн уштуруучуларга терең ыраазычылык билдирем. Бул семинар биз үчүн маанилүү. Иш-чарада биз тамекини таштоого жардам берүү боюнча баалуу билим алдык,Окутуу биздин келечектеги ишибизге жардам берет деген ойдомун», – деп бөлүштү Аламүдүн районунун Ала-Тоо айылынын үй-бүлөлүк медицина борборунун   башкы медайымы Наталья Хаматова.

Тренингдер үч күн бою өтүп, анын жүрүшүндө 60тан ашык медайым окутулду.

Тамеки чегүүнү токтотуу – бул жугуштуу эмес оорулардын жана кош бойлуулуктун патологиясынын алдын алуу.

Categories: Тамеки

Leave a Reply

Your email address will not be published.