Алдын алуу

Д витаминин жетишсиздиги – гиповитаминозго алып келет

466

Күндүн энергиясы теридеги Д3 витаминин иштеп чыгууга көмөктөшөт. Ал боорго жана бөйрөккө өтүп, ал жерде активдүү Д витаминине айланат.

Д витаминин жетишсиздиги – гиповитаминозго алып келет. Анын белгилери:

*Алсыздык
*Баш ооруйт
*Булчуңдар ооруйт
*Остеопороз
*Тиштин эмалынын бузулушу
*Тамакка табиттин жоголушу
*Уйкусуздук
*Көрүүнүн начарлашы
*Эс тутумдун, нерв системасынын бузулушу.

Д витаминине бай азыктар:

*Кызыл жана майлуу деңиз балыгы, анын боору (айрыкча треска балыгынын боору)
*Кара жана кызыл икра
*Сүт азыктары: май, сүт, быштак
*Козу карындар (кантерелла, морел, устрица козу карындары)
*Уй жана койдун боору
*Тоок жумурткалары.

 *50 жашка чейин адамга күнүнө 600-800 ХБ (15-20 микрограмм) Д витамини керек болот.

Д витаминин жетишсиздиги сөөктөрдө кальций менен фосфордун азайышына алып келет.

Витаминдердин жетишсиздиги баланын жашоосунун биринчи жылында, сөөк тканынын тез өсүшү байкалганда өзгөчө кооптуу.

Учурда илимпоздор Д витамининин жетишсиздиги рактын, ошондой эле аутоиммундук, инфекциялык, вирустук жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болушуна таасирин тийгизерин айтышууда.

*Туура тамактануу менен таза абада болуу организмге пайдалуу,:

Кыргызстан #РДЧжМКБ #алдыналуу #денсоолук #денсоолук_тамактануу #тамакаш #минералдар #витаминдер #витаминD

Leave a Reply

Your email address will not be published.