ЖАҢЫЛЫКТАР

14-сентябрь – Бүткүл дүйнөлүк медициналык алгачкы жардам көрсөтүү күнү

300

 

Алгачкы медициналык жардам – капыстан ооруп калгандарга же кырсыктан жабыр тарткандарга окуя болгон жерде аны медициналык мекемеге жеткиргенге чейинки жүргүзүлгөн медициналык иш чаралардын топтому.

  Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматтары боюнча жол транспорт кырсыгы, сууга чөгүү, уулануу, кулап түшүү же күйүктөр жана физикалык зомбулук түрүндөгү зордук-зомбулук, өзүнө кол салуудан келип чыккан зомбулук же согуш аракеттеринен болгон жаракаттар дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 5 миллион адамды өлүмгө дуушар кылат жана миллиондогон адамдардын ден соолугуна зыян алып келет.

  ДСУнун маалыматына ылайык, жаракаттар дүйнө жүзүндөгү бардык өлүм учурларынын 9%ынын жана ар бир өлкөдөгү адамдардын ден соолугуна коркунуч туудурган себеп болуп саналат.

  Ар бир өлүм учуруна ондогон ооруканага жаткыруу учуру, шашылыш учурларда жардам берүү кызматына жүздөгөн кайрылуулар жана миңдеген дарыгерлерге кайрылуу учурлары туура келет.

Жаракат алгандан кийин аман калган адамдардын көпчүлүгү убактылуу же туруктуу майыптык менен жапа чегишет.

  Алгачкы жардам көрсөтүү менен бирге дарыгерге чейинки жардам көрсөтүү ыкмалары адамдардын өмүрүн сактап кала алат. Биринчи жардам үчүн “103” тез жардам кызматына же дарыгерге чалыңыз;

  Дарыгерлер келгенге чейин жабыр тарткан адам тууралуу маалымат чогултуңуз: Фамилиясы, аты, атасынын аты, жаш курагы, жашаган жеринин так дареги, абалы; эгер дарыгерлер жок болсо жабыр тарткан адамды жакынкы арадагы медициналык мекемеге жеткириңиз (жабыр таркан адамды дем алуусу жана тамырдын кагышы туруктуу болгон учурда гана ташууга болот), эгер жабыр тарткан адамдын абалы ташууга мүмкүнчүлүк бербесе, дарыгерлер келгенче анын негизги жашоо функцияларын: жүрөгүнүн согушу, тамырынын кагышы, дем алуусун колдоп туруңуз.

Эсиңизде болсун, сиздин жардамыңыз өмүрдү сактап калышы мүмкүн!

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.