АДК

Айылдык жана райондук ден соолук комитеттеринин жолугушуусу

179

     Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолук чыӊдоо борбору (РДЧБ) Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери Ассоциациясы (КАДК) менен бирдикте 2019-жылдын февраль, март айларында 58 Райондук ден соолук комитеттеринде  АДК мүчөлөрүнүн жолугушуусун өткөрүп жатат.

     Жолугушууда туура тамактануу боюнча калкка маалымат берүүнун натыйжалуулугу, ден соолук комиттеринин (АДК/РДК/КАДК) 2018-жылдын ишмердүүлүгү боюнча отчеттор каралып, 2019-жылга иш пландары түзүлүүдө.

     2018 жылдын ишмердүүлүгүн Айылдык жана райондук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү тарабынан жыл бою ден соолук боюнча программаларынын (Туура тамактануу, Кургак учук, Жугуштуу эмес оорулар ж.б.) алкагында жургузулгон иш-чаралар жана алардын натыйжалары талкууланып, ошол натыйжаларды жакшыртууга, ошондой эле эл менен иштөөдө кезиккен  кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды жеӊилдетүүгө жана өз каталарды оӊдоого багытталган иш-чаралар талкууланууда.

    Ошону менен бирге АДК/РДКнын уюм катары өнүгүүсүнүн негизги бөлүгү болгон өздүк демилгелери дагы каралып алардын мааниси, уюштуруудагы  кыйынчылыктар ошондой эле өздүк демилгелерди көбөйтүү жолдорун ден соолук чыӊдоо кабиненттеринин адистери менен бирге талкууланып, чечимдер кабыл алынууда.

    Жолугуушулар абдан кызыктуу жана натыйжалуу өтүп, жыйынтыгында ар бир РДК 2019-жылга бекитилген КАДКнын планынын негизинде өздөрүнүн 2019-жылга иш-чараларынын планы бекитилүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published.