Тукум улоо саламаттыгы

“Үй-бүлөнү пландоо. Контрацепция ыкмалары” пресс-кафеси

576

КР ССМнын Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору «Үй-бүлөнү пландоо кыргыз альянсы» коомдук уюму менен биргеликте БУУнун Калк жайгаштыруу фондунун техникалык колдоосу астында “Үй-бүлөнү пландоо. Контрацепция ыкмалары” темасында пресс-кафе өткөрдү.

Бүткүл дүйнөлүк контрацепция күнүнө арналган иш-чара көптөгөн журналисттердин, блогерлердин жана жаш активисттердин көңүлүн бурду.

Кыргыз акушер-гинекологдор жана неонатологдор ассоциациясынын президенти Арсен Аскеров жана үй-бүлөнү пландоо жаатындагы эксперт Инна Болоцкихтин катышуусундагы пресс-кафе Кыргызстандын жаштарынын арасында үй-бүлөнү пландаштыруу темасынын маанилүү экендигин түшүнүүнү жакшыртуу максатында уюштурулган болчу.

Анткени тажрыйба көрсөтүп жаткандай, жаш кыргызстандыктардын көпчүлүгү репродуктивдик ден соолукка жана үй-бүлө курууга даярданууга талаптагыдай көңүл бурушпайт эмеспи.

Тилекке каршы, Кыргызстанда бойдон алдыруулар төрөлүүнү жөнгө салуунун кеңири жайылган ыкмаларынын бири боюнча кала берүүдө. Өлкөдө расмий түрдө жылына 20га жакын аборт катталат. КР Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары боюнча 2022-жыл үчүн катталган дээрлик 1200 аборт 19 жашка чейинки кыздарга туура келет.

Аборттор кош бойлуулукту көтөрө албоо, жыныс органдарынын өнөкөт сезгенүү процесстери, тукумсуздук сыяктуу олуттуу, кээде ордуна келгис кесепеттерге алып келген учурлар сейрек эмес. Өзгөчө жаш кезде биринчи кош бойлуулукту токтотуудан кийинки жагымсыз кесепеттердин тобокелчилиги жогору.

Пресс-кафенин алкагында эксперттер контрацепциянын ар кандай ыкмалары жана алардын үй-бүлөнү пландаштыруудагы ролу тууралуу баалуу маалымат беришти.

«Калк менен, анын ичинде жаштар менен иштөө, өзүнүн репродуктивдик ден соолугу үчүн жоопкерчилик алуу көндүмдөрүн өнүктүрүүнү жана каалабаган кош бойлуулуктун жана жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялардын алдын алуу ыкмаларын өнүктүрүүнү өзүнө камтууга тийиш. Көпчүлүк жаштар маалыматтын жетишсиздигинен, кодулоодон жана консультация алуу үчүн кайрылуудан корккондуктан улам керектүү жардам алышпайт. Биз алардын үй-бүлөнү пландаштырууга болгон укуктары тууралуу так маалыматты жеткирүү үчүн бардык коммуникациялык аянтчаларды колдонууга тийишпиз», – деп айтты профессор Арсен Аскеров.

Инна Болоцких жаштар өз баалуулуктары жана керектөөлөрүнө ылайык келген  маалыматтуу чечим кабыл алышы үчүн контрацепциянын ар кандай жеткиликтүү ыкмалары тууралуу маалыматтуулук маанилүү экендигин белгиледи.

«Үй-бүлөнү пландаштыруу туруктуу жана толук баалуу мамилелерди курууга түрткү берет, жаштарга өзүнүн жеке, билим алуу жаатындагы жана кесип боюнча максаттарына жетүүсүнө мүмкүндүк берет», – деп белгиледи ал.

Иш-чара катышуучуларга эксперттерге суроолорду берүү жана контрацепция, үй-бүлө курууга байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүн берүү менен интерактивдүү форматта уюштурулду. Пресс-кафе ошондой эле пикир алышуу үчүн ыңгайлуу жана эркин чөйрө түздү.

Уюштуруучулар бардык меймандарга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти жана пресс-кафе Кыргызстандагы жаштар арасында контрацепция жана үй-бүлөнү пландаштыруу тууралуу түшүнүктү жана маалыматтуулукту жакшыртууга жардам берет деген үмүттөрүн билдиришти.

Иш-чара аяктап жатканда алган билимдерди бекемдөө үчүн катышуучулар мини-викторина ойношту жана БУУнун Калк жайгаштыруу фондунан эстелик белектерди алышты.

Маалымат үчүн: Үй-бүлөнү пландаштыруу – бул болочоктогу ата-энелердин качан жана канча балалуу болуу керектиги боюнча аң-сезимдүү чечим кабыл алышы, каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу үчүн контрацепция ыкмасын тандашы, төрөттөрдүн ортосунда 2 жылдан кем эмес аралык сактоо, ошондой эле тукумсуздукту дарылоо.

Үй-бүлөнү пландаштыруу – бул өз ден соолугуна, дени сак жана каалап күткөн балдардын төрөлүшүнө жоопкерчиликтүү мамиле жасоо.

Leave a Reply

Your email address will not be published.