Жугуштуу оорулар

АЛДЫН АЛУУ — КДВО жана грипптен мыкты коргоочу

971

КДВО — бул дем алуу жолдорун жабыркатуучу жана ар кандай вирустар тарабынан пайда болуучу курч дем вирустук оору

КДВОнун ичинен кыйла кооптуусу грипп болуп саналат

КДВО жана грипптин симптомдору

  • Баш оору
  • Мурун бутуу, чүчкүрүү
  • Жалпы талмоорсуу жана алсыроо
  • Дене табынын жогорулашы
  • Тамактын оорушу
  • Булчуң жана муундагы оору                                 

Инфекциянын булагы КДВО менен ооруган адам болуп эсептелет.

Жугуу жолдору

Аба-тамчы

-сүйлөп, жөтөлүп, чүчкүрүп жаткан учурда вирустун жайылышы.

Байланыш-тиричилик

-вирусту кир колдор, жалпы тиричилик буюмдары (идиш-аяк, сүлгү ж.б) аркылуу жуктуруп алуу.

ГРИПП эмнеси менен кооптуу?

Грипп тез жайылуусу жана жүрөк-кан тамыр, дем алуу системасы тараптагы олуттуу татаалдашууларга алып келүүчү оор өтүүсү менен кооптуу.

Татаалдашуулардын өнүгүүсүнүн жогорку тобокелчилигине төмөнкүлөр дуушар болушат:

  • кош бойлуу аялдар
  • 5 жашка чейинки курактагы балдар
  • улгайган адамдар
  • өнөкөт оорулуу адамдар

КДВО жана грипптин алдын алуу:   

Адамдар көп топтолуучу жерлерден алыс болгула

Колуңарды үзгүлтүксүз самындап жууп тургула же антисептик менен тазалагыла

Жөтөлүү жана чүчкүрүү этикетин сактагыла

Бөлмөлөрдү тез-тезден желдетип тургула жана нымдуу тазалоо жүргүзгүлө

КДВО жана грипп менен ооруган адамдар менен байланышуудан алыс болгула

Сергек жашоо мүнөзүн кармангыла

КДВО жана грипптин симптомдору байкалган учурда:

Үйдө калгыла жана үй-бүлөлүк дарыгерди чакыргыла

Yй-бүлөлүк дарыгердин бардык сунуштарын так аткаргыла

Өз алдынарча дарыланбагыла

Беткап тагынуу режимин жана жеке гигиена эрежелерин сактагыла

Башка адамдар менен байланышуулардан кармангыла

Грипптен мыкты коргоочу – ЭМДӨӨ болуп саналат!

Leave a Reply

Your email address will not be published.