ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫ

Жөө жүргүнчүлөрдүн укуктары жана милдеттери

547

Жылына жүздөгөн адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына жөө жүргүнчүлөр дагы көп кабылышат, анын себептери көп учурда өз коопсуздугуна болгон кайдыгер мамилеси болуп эсептелет.
Эрежелер канчалык көп бузулган сайын ал адатка айланып баштайт. Демек көпчүлүктү анчалык ойлонбурбай, адам өмүрүн алган кырсыктар трагедия эмес жөн гана статистика катары кабыл алынышы – бул глобалдык маселеге айланганы.
Негизинен жолдо жүрүүнүн эрежеси дегенде айдоочуларга гана таандык маселе деп кароого болбойт, андыктан жөө адамдар эмнелерди эске ала жүрүүсү зарыл, төмөнкү материалдан таанышып алса болот.

Жөө адамдардын укуктары жана милдеттери

►Жөө адамдар тротуар жок жерде жолдун чети менен басса болот, бирок агымга карама-каршы багытта
►Ал эми кыймылдаткычы жок кол арабалар, майыптык коляска (булар жол транспортуна кирбейт) тротуарда тоскоолдук болсо жол чети менен жүрүүгө уруксат.
►Мопед, велосипед мотоциклге окшогон транспорт каражаттары агым менен кошо гана жүрө алат.
«Зебра» жок учурда тосмосу жок жерден жолду түз кесип өтүү зарыл, кыйгач кесип өтүүгө болбойт.
►Жолду кесип өтөөрдө биринчи сол жак бетти анан оң жакты карап өтүү керек.
►Көп адамдардын тобу жол жүрө турган болсо 4төн ашпаган колонна менен агымга карата жүрүүгө болот, алардын алдында жана артында кызыл желекче көтөргөн коштоп басуучулары болушу шарт. Ошондой эле карангы учурда болсо алдынкы коштоочу ак, арттагы коштоочу кызыл фонарик менен басуулары керек.
►Ал эми жаш балдарды алып жүрүү чоң кишилердин коштоосунда, күндүзү гана уруксат берилет.
Көк түстүү жаркылдоочу маяк же атайы шашылыш үн сигналы менен келаткан унаага жол транспорттору менен бирге жөө адамдар дагы жол берүүгө милдеттүү
►Унаага отуруу жана түшүү унаа токтогондо гана аткарылат.

Тыюулар:

Айдоочуну алагды кылууга;
Унаа толук токтой электе же айдоочунун маалыматы жок учурда дагы эшикти ачуу же түшүүгө;
►Жол кыймыл кызматынын кызматкери унааны токтоткон учурда айдоочу менен кошо унаадан түшүп, ЖК кызматкеринин ишине тоскоолдук жаратууга;
►Унаага түшкөндө атайы курду тагынбай коюуга;
►Мототранспортторго отурууда атайы шлемсиз жүрүүгө;
►Транспорттун ичинде башка жүргүнчүлөрдүн ошондой эле айдоочунун тынчтыгын бузууга тыюу салынат.

Эскертүү:

►Светофордо жашыл түстү кыянаттык менен пайдаланбагыла, ал учурда айдоочулар дагы кайрылууга жетишип калуусу керек.
►Эл көп топтолгон жерлерде (базарларда) светофорго маани бергиле.
►Светофордо сиздин жолуңуз ачылган учурда дагы унааларга баам салгыла, техникалык же айдоочулардын кайдыгерлик факторлоруна туш болуп калышыңыз мүмкүн

Leave a Reply

Your email address will not be published.