Алкоголь жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүү коркунучунун факторлорунун бири болуп саналат.
Жыл сайын дүйнө жүзүндө алкоголдон жана анын кесепеттеринен болжол менен 2,5 млн адам көз жумат.
Жүрөк-кан тамыр ооруларынын өлүм көрсөткүчүнүн 14%ы алкоголь ичүү менен байланышкан.
Алкоголь жана анын уулуу компоненттери канды коюулантат жана тромбдорду пайда кылат, бул кан тамырлардын бүтөлүшүнө жана карышуусуна түрткү берет.
Спирт ичимдиктерин ичүү төмөндөгүлөргө алып келет:
• жүрөктүн согуусунун мүнөтүнө 100гө чейин кагышына
• кан айлануунун бузулушуна
• майда кан тамырлардын карышуусуна жана бузулушуна
Спирт ичимдиктерин ичкенде организмде кандай өзгөрүүлөр болот?
Жүрөккө кошумча күч келип, ал күчөтүлгөн режимде иштейт жана ага кадимки режимдегиден эки эсе көп кан айландырууга туура келет.
Алкоголдун уулуу компоненттери жүрөк булчуңдарында майлардын топтолуусуна жана жүрөктүн май дистрофиясынын өөрчүшүн шарттайт.
Кандын уюгучтугунун жогорулашы кан тамырлардын капталдарында холестерин бүртүкчөлөрүнүн пайда болуусуна жана атеросклероздун өөрчүшүнө алып келет.
Алкоголдун жүрөккө таасир этиши артериялык кан басымдын өзгөрүүсүн пайда кылат. Алгач алкоголь кан тамырларды кеңейтет, андан кийин кан тамырларда карышуу жүрөт жана алар тарый баштайт. Кан тамырлардын узак убакытка чейин карышуусу артериялык кан басымдын жогорулашына алып келет, бул гипертониялык оорунун өнүгүүсүнө себепчи болот же гипертониялык кризистердин пайда болуусуна түрткү берет.
Алкоголь ичимдиктерин узак убакытка чейин ичүү жүрөк ритминин бузулушу, кардиомиопатияны (жүрөк жетишсиздигине алып келүүчү жүрөк булчуңдарынын жабыркашы) пайда кылышы ыктымал жана инфаркттын келип чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Жаш куракта (40 жашка чейин) инфаркт көп учурда алкоголь ичүүгө байланыштуу кармайт.
Алкоголду тамеки чегүү, физикалык активдүүлүктүн төмөн болуусу жана туура эмес тамактануу менен катар пайдалануу инфаркт, инсульт жана жүрөк-кан тамыр системасынын башка ооруларынын өөрчүү коркунучун жогорулатат.