ЖАҢЫЛЫКТАР

РДЧжМКБнын адистери КМДБнын Чүй облусундагы имамдарына “балдарды кызамык оорусуна каршы эмдөөдөн өткөрүү” боюнча тегерек стол өткөрдү

821

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Кыргыз Республикасында кызамык оорусу күч алып жатканына байланыштуу 2024-жылдын 17-январында Бишкек шаарында тегерек стол өткөрдү.

         Тегерек столго Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Чүй облусунун 25 аалым, имамдары катышты. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери Кызамык оорусу боюнча түшүндүрүп, имамдарды кызамык оорусуна каршы эмдөө тууралуу жума намаз маалында, жыйындарда калкты туура маалымат берүүгө чакырууну сунуштады.

Ошондой эле, вакцинанын курамы тууралуу так маалымат берилип, диний кызматкерлер кызыккан суроолоруна жооп алды. Кээ бир ата-энелер диний түшүнүгүнөн улам кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткандар көп, мындан улам Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы алар  менен иштешип жатканы айтылды.

Өмүрзак Замирбек уулу

Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын Чүй облусу боюнча өкүлү

 “Ушундай уюштурулган тегерек столдор өз пайдасын берет. Анткени, жарандар мечиттеги имамдардан келип, эмдөө тууралуу, өзгөчө  анын курамы, баланын ден-соолугуна тийгизген оң-терс таасири боюнча суроолорун беришет. Ал эми  ушундай учурда имам туура жана так маалыматга ээ болуусу шарт. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору тарабынан уюштурулган иш-чаралар аркылуу бизди кызыктырган суроолорго жооп алып жатабыз. Биздин сунуш бир эле борбор калаада эмес, бардык облус, райондордо ушундай тегерек столдор өтсө, эмдөөгө каршы чыккандардын саны азаят эле деген ойдомун”

2023-жылдын декабрь айындагы маалымат боюнча, Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн кызамык оорусуна каршы 750 миң доза вакцина алынып келген. Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга (Чүй жана Ош облусунда) үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө.

1 reply »

Leave a Reply

Your email address will not be published.