ЖАҢЫЛЫКТАР

БИР ЖЫЛДЫК ЖУМУШ! КООМДУК САЛАМАТТЫК САКТОО КЫЗМАТЫ ИШИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

253

КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмү 2021-жылы аткарган иш-чараларды жыйынтыктап, 2022-жылга коюлган пландарды ишке ашыруу жолдорун талкуулады.
“Бүгүнкү биздин жыйынга 7 дубандын саламаттык сактоо уюмунан өкүлдөр келип катышып атышат. Баарыбыз билгендей эки жылдан бери коранавирус илдети менен күрөшүп жатып башка маселелерге көп көңүл бурулбай калды. Ошол себептүү, калктын саламаттыгын сактоодо көйгөйлүү маселелер көп. Учурда иштеп жаткан саламаттык сактоо уюмунун кадрларынын ишканаларынын материалдык, техникалык абалы чын эле жакшыртууну талап кылат, биз бул маселелерди чечүүгө болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Албетте жетишкендиктерибиз да бар, буга чейин 10 вирусологиялык лабораторияларыбыз салынып бутту, андан сырткары дагы кайсы жерге жаңы лабораториялар керек экенин карап, анализ жүргүзүп жатабыз, себеби калктын саламаттыгы үчүн ичип жаткан суунун жана тамак аштын сапатын тастыктоо боюнча лабораторияларга муктаж. Андан сырткары врачтардын айлык маянасы көтөрүлдү, бул маселеде ак халатчан кызматкерлерибиз өкмөткө жана министрликке ыраазычылык билдиришүүдө”-деп билдирди КР Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Акматова.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.