Алдын алуу

Аллергия тууралуу билүү маанилүү

161

Акыркы 10 жылдыкта аллергия менен ооругандардын көбөйүүсү байкалууда.

Бул экологиянын начарлашы, тамактануу мүнөзүнүн өзгөрүшү, тиричиликте химиялык каражаттарды көбүрөөк пайдаланууга байланыштуу.

Аллергия – бул иммундук системанын заттардын таасирине карата, күтүүсүз болгон жооп аракети тарабынан келип чыккан өнөкөт дарт, ал адатта ооруларга алып келбейт.

Аллергия эмне учун өөрчүйт?

Адамдын иммундук системасы оору пайда кылуучу вирустар жана бактериялар  келип түшүүчү чоочун заттарды таанууга жана зыянсыздандырууга арналган.

Аллергия менен жапа чеккен адамдын иммундук системасы тамак-аш азыктары, өсүмдүктөрдүн чаңчалары, дары-каражаттары, курт-кумурскалардын чагып алышы, жаныбарлардын жүнү, чаң тиричилик химиясы сыяктуу коопсуз заттарга дагы ушундай жооп аракет жасайт.

Организмге келип түшкөн аллергендер организмде Е иммуноглоблини  деп аталган антителолорду иштеп чыга баштайт, алар тери, кан, дем алуу жолдорунун былжыр челдерине жайгашат. Мунун жыйынтыгында аллергиялык реакциялар өөрчүйт.

  • Аллергиянын курчушуна алып келүүчү факторлор
  • Боёктордун, бензиндин буулары;
  • Аэрозолдук дезодоранттар
  • Тамеки түтүнү;
  • Эмоционалдык стресс
  • Аба ырайынын өзгөрүшү
  • Курч вирустук инфекциялар
  • Физикалык жактан чарчоо

                          Аллергияны аныктоо

  • Аллергияны аныктоо процесси өзүнө камтыйт:
  • Бейтапты кароо
  • Кайсы зат аллергияны пайда кылып жаткан үчүн тери реакциясына тест жүргүзүү же аллергияны аныктоо үчүн кандын анализдерин алуу;
  • Спецификалык провокациялык үлгүлөр.  

Аллерголог адистин кеңешин алууга болот:

Бишкек ш., Тоголок Молдо көч.,3/2 дареги боюнча Улуттук кардиология жана терапия борборунун бейтапканасынан; ж.б клиникалардан.

Аллергияны туура аныктоо жана дарылоо бейтаптардын жашоо сапатын кыйла жогорулата алат жана ал гана эмес айыгып кетишине дагы түрткү болот.

Categories: Алдын алуу

Leave a Reply

Your email address will not be published.