ЖАҢЫЛЫКТАР

Бүткүл дүйнөлүк инсульт менен күрөшүү күнүнө карата акция

1010

2022-жылдын 29-октябрында КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын ангионеврология 2 бөлүмү Бүткүл дүйнөлүк инсульт менен күрөшүү күнүнө карата жеринде акция уюштурду.

Акциянын жүрүшүндө келген адамдарга адистер тарабынан неврологиялык жактан акысыз кеңеш берилди. Анын ичинде кан басымды өлчөө, кандагы канттын деңгээлин өлчөө, сатурация, адамдын салмагын жана боюн ченөө кызматтары бар.

Иш чараны өткөрүүнүн максаты, адамдар арасында инсультту алдын алуу жана убагында дарыгерлер тарабынан биринчи жардам көрсөтүү болуп саналат.

Акциянын жүрүшүндө, борбордон 22 невропатолог адис кызмат көрсөттү.

Жалпысынан дарыгерлерге 137 адам кайрылып, анын ичинен 27 адамда инсульттун биринчи белгилери байкалганы аныкталды, бул көрсөткүч 19,7%ды түзөт.

Анын ичинен 45 адамда тобокелдик факторлору байкалган, ал 32%ы түзөт.

Бул учурга чейин каттоодо турган, инсульттун белгилери бар 15 адамга алдын алуу үчүн мед айымдар тарабынан жардам көрсөтүлүүдө.
Ал эми 48 адамга кайрадан текшерүүдөн өтүп турууга сунуш берилди.

Эскерте кетсек, инсульт – мээнин жана мээдеги кан айлануусунун бузулушуна алып келет.

Инсульт буту-колдун шал болушуна, сүйлөө, көрүү, эс тутумдун начарлашына, оор учурларда майыптыкка, ал тургай өлүмгө алып келет.

Өз убагында жардам көрсөтүү үчүн инсульттун белгилерин билүү маанилүү.

Алгачкы 3-4 саатта берилген жардам кыйынчылыктардын алдын алып, өмүрдү сактап калат!

Ден соолукта болуңуздар!

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.