Тамеки

Тамекинин адамдын организмине тийгизген таасири

45

На русском

Тамеки түтүнүндө 7 миңден ашуун химиялык заттар жана кошулмалар камтылган. Сигареттерде камтылган никотин, ис газы, чайыр, оор металлдардын туздары жана күйгөндө пайда болуучу калдык заттар өтө олуттуу зыян келтирет. Тамеки чеге баштагандан 5-10 секунд өткөндө ушул уулуу химиялык кошулмалардын бардыгы тамеки уулануусун пайда кылуу менен адамдын организмине келип кирет. Убакыттын өтүшү менен тамеки заттарын пайдалануу дем алуу органдарынын оорулары, онкологиялык, жүрөк-кан тамыр оорулары сыяктуу 25тен ашуун жугуштуу эмес оорулардын өнүгүүсүнө алып келет.

Тамеки түтүнүнүн негизги уулуу компоненттери:

Никотин – эң күчтүү өсүмдүк ууларынын бири. Таза түрүндө бул жыты жагымсыз, даамы ачуу түссүз майлуу суюктук, сууда, спиртте, эфирде эрийт жана ооз көңдөйүнүн, мурун, бронх, ашказандын былжыр челдери аркылуу кирет.

Ис газы– кычкылтектин органдарга жана ткандарга жеткирилишине тоскоолдук жаратат. Нормада болгондо гемоглобин кычкылтекти таратуучу болуп саналат. Өпкөдөгү гемоглобин кычкылтекти кабыл алат жана аны органдарга жана ткандарга (жүрөк, баш мээ, бөйрөк, боор, булчуңдар ж.б.) жеткирет. Өпкөдөгү тамеки түтүнүндөгү ис газы канга кирет жана гемоглобинди басып алат. Жыйынтыгында кармалган гемоглобин органдарга жана ткандарга кычкылтек жеткире албай калат. Организм кычкылтек жетишсиздик режиминде иштейт, мындан улам адамдар көп оорушат, алардын иммунитети төмөндөйт. Балдарга токтолсок, балдардагы кычкылтек жетишсиздиги алардын интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүнүн төмөндөөсүнө алып келет, ошондой эле алардын физикалык жана психикалык өнүгүүсүнө таасирин тийгизет.

Канцерогендер коргошун, полоний 210, хром, кадмий жана башка химиялык кошулмалар (260 аталыштагы). Кесепеттери – ар кайсы органдарда (өпкө, ооз көңдөйүнүн, бөйрөк, боор ж.б. рагы) рактын өнүгүүсү.

Бензопирен, нитрозаминдер – гендин структурасын бузат (мутацияны пайда кылат). Кесепеттери – укум-тукумдун ден соолугу үчүн жооптуу болгон тукум куучулук структуралардагы бузулуулар.

Categories: Тамеки

Tagged as:

Leave a Reply

Your email address will not be published.