
Үй-бүлөлүк зомбулук болгон учурда медицина кызматкерине кайрылуу эмне үчүн маанилүү
Үй-бүлөлүк зомбулук – бул өз ара мамилелердин эле көйгөйү эмес, ал адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө болгон олуттуу коркунуч. Медицина кызматкерине кайрылуу – физикалык жана психологиялык ден соолукту сактоого эле жардам бере турган эмес, ошондой эле кооптуу кырдаалдан чыгуу үчүн керектүү колдоо ала турган маанилүү кадам.
1. Физикалык ден соолук: мертинүүлөрдү аныктоо жана дарылоо
Зомбулук көп учурда көк ала так жана сыйрылуу, тытылуудан баштап сыныктарга, ички органдардын зыянга учуроолору жана мээнин чайкалышына чейин жеткен ар кандай даражадагы оордуктагы жаракаттар менен коштолот. Кээде жабырлануучулар өзгөчө көрүнүп турган бузулуулар жок болсо, мертинүүлөрдүн олуттуулугун жеткире баалай беришпейт. Мисалы, баш же ич тарапка урулган соккулар ичтен кан куюлууларга алып келиши мүмкүн, алар дарыланбаган учурда оор кесепеттерге алып келет.
Медицина кызматкери:
• Жашыруун бузулууларга кароо жана диагностика жүргүзөт
• Керектүү терапияны дайындайт жана татаалдашуулардын алдын алат.
• Зарылчылык болсо кошумча текшерүүгө жөнөтөт.
2. Мертинүүлөрдү документтештирүү: юридикалык коргоо
Медициналык корутунду – милицияга же сотко кайрылууда керек болушу мүмкүн болгон башкы далилдөөчү документтердин бири. Ансыз зомбулуктун жабырлануучусуна таш боор мамиле жасоо фактыларын тастыктоо кыйын болот.
Медициналык документтештирүү төмөнкүлөргө жардам берет:
• Келтирилген жаракаттарды каттоого
• Сот инстанциялары аркылуу коргоонун зарылдыгын негиздөөгө
• Убактылуу баш калка жай, юристтердин жана психологдордун акысыз консультациялары сыяктуу колдоо чараларынан пайдаланууга
3. Психологиялык ден соолук: колдоо жана реабилитациялоо
Зомбулук физикалык мертинүүлөрдөн тышкары терең психологиялык жаракат дагы алып келет. Жабырлануучулар көп учурда коркуу, кооптонуу, депрессия, алсыздык сезимин башынан кечиришет. Айрымдары ал гана эмес зомбулук бул алардын укуктарын бузуу экендигин түшүнбөстөн, “кадыресе” көрүнүш катары эсептей баштайт.
Медицина кызматкерине кайрылуу төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк берет:
• Коопсуз кырдаалда көйгөй тууралуу ачык сүйлөшүүгө.
• Психологго же психотерапевтке жолдомо алууга.
• Эмоционалдык абалды калыбына келтирүү процессин баштоого.
4. Коркунучтуу баалоо жана коопсуздукту пландоо
Медицина кызматкери – бул дарылоо боюнча эле адистер эмес, ошондой эле кооптуулук даражасын баалоого жардам бере ала турган адамдар дагы. Эгерде өмүр үчүн коркунуч жогору болсо, жабырлануучуга коргонууга жардам берүү үчүн алар кризистик борборлор, социалдык кызматтар жана милиция менен байланыша алышат.
5. Балдарга жана башка аялуу топторго жардам берүү
Эгерде зомбулуктун курмандыгы бала, улгайган адам же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам болсо, медицина кызматкерине кайрылуу – бул жөн эле укук эмес, зарылчылык. Медицина кызматкерлери социалдык кызматтарга мындай адамдарга карата зомбулук учурлары тууралуу билдирүүгө милдеттүү, бул аларга коргонууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет.
Медицина кызматкерине кайрылуу – жаракаттарды дарылоо эле эмес, өзүн коргоо, колдоо жана жардам алуу мүмкүнчүлүгү. Бул коопсуздукка, калыбына келүүгө жана зомбулук кырдаалынан чыгууга карай кадам. Эч ким таш боор мамилеге чыдап жүрө бербеши керектигин жана жардам дайыма жеткиликтүү экендигин эстен чыгарбоо маанилүү.
ИШЕНИҢИЗ, МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРИНЕ АЙТЫП БЕРИҢИЗ – БУЛ ЗОМБУЛУКТАН КУТУЛУУ ЖОЛУНДАГЫ КАДАМ.
Categories: Зордук-зомбулук