ЖАҢЫЛЫКТАР

Борбор калаада «Бишкектен издейм …» аттуу студенттик эмгектердин көргөзмөсү ачылды

328

Бишкек, 15-февраль. – С.А. Чуйков атындагы «Эмен багы» галереясында «Бишкектен издейм …» аттуу көргөзмө ачылды.

Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасындагы БУУнун системасынын Туруктуу кординатору Антье Граве, Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун кеңсесинин жетекчиси Бермет Молдобаева, Ден соолуктуу чыңдоо ассоциациясынын (ДЧА) директору Гульмира Айтмурзаева жана башкалар катышты.

«Бул иш-чаранын эмне үчүн ушунчалык маанилүү экендигинин бир нече себептери бар. Биринчиден, биз миграциянын олуттуу маселелерин көтөрүп жатабыз. Бул жерде биз мигранттар өлкөгө канчалык позитивдүү нерселерди – жаңы билимдер жана идеялады алып келиши мүмкүн экендиги; алар бет келишип жаткан кыйынчылыктар тууралуу сүйлөшө алабыз. Экинчиден жаштар менен пикир алышуу дайыма шыктандырат. Алар бизге кайсы жакты көздөй кыймылдоо керектигин көрсөтүүчү компас. Үчүнчүдөн искусство.  Бул өзүнүн айланасына көптөгөн маданияттарды чогулта ала турган платформанын өзү», – КРдагы БУУ системасынын Туруктуу координатору Антье Граве.

«Бишкектен издейм …» аттуу көргөзмө Кыргызстан, Индия жана  Пакистандын студенттеринин ортосундагы чыгармачылык үйрөнүү жана маданий байланыштарды чыңдоо үчүн аянтча болуп калды.

Анда И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА), Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин (БМК) жана Эл аралык жогорку медицина мектебинин (ЭЖММ) студенттеринин сүйүүчүлөр үчүн жасалган эмгектери коюлган.

«Бул иш-чара мени көп нерсеге, башкысы социалдык интеграцияга үйрөттү. Мен көптөгөн жаңы досторду таптым жана буга абдан бактылуумун. Бул жерде, Бишкекте окуган бир жылдын ичинде мен досторума байланышкан толгон-токой жагымдуу таасирлерди алдым. Ошондуктан мен үйгө Кыргызстан тууралуу жакшы эскерүүлөр менен кайтамын», деген оюн айтты – Pranit Kamble, ЭМЖМ студенти.

«Бул абдан кооз шаар. Келээрим менен жаңы досторду эле таппастан, өзүмдү жаңы жагымдан ачтым. Мага бул жерде болуу, досторум менен убакыт өткөрүү, ушул сыяктуу кызыктуу иш-чараларга катышуу  жагат. Мен Пакистанга кайтканымда, ушул учурларды эстеймин», – Mustaq Rabia, ЭМЖМ студенти.

Эмгектер ар кандай техникаларда жана стилдерде аткарылган. Жаш жигиттер жана кыздар аларды заманбап искусствонун сүрөтчүлөрү: Айзуура Бакалова, Медер Ахметов, Мунара Абдукахарова жана Рахат Асангулованын арт-воркшопторунун сериясынан үйрөнүшкөн. Процессти «Театр 705» көз карандысыз көркөм аянтчасы башкарды.

«Арт-воркшоптордун бардык катышуучулары ар кандай, ар биринин өз максаттары жана кыялдары бар. Бирок аларды, алар окуу үчүн тандап алган  шаар – Бишкек бириктирди. Ушул көргөзмөнүн жардамы менен биз аны аларды кабыл алуунун призмасы аркылуу көрдүк – ар бир адам үчүн өзгөчө маанилүү болгон образдар жана учурлар бардыгы үчүн ушунчалык тааныш болуп чыкты. Ал эми ушул иш-чаралардын башкы жыйынтыгы – бул алардын көпчүлүгү издеп жүргөн студенттердин ортосунда пайда болгон достук», – деди Ден соолукту чыңдоо ассоциациясынын (ДЧА) директору Гульмира Айтмурзаева.

Уюштуруучулар – Миграция боюнча эл аралык уюмду өнүктүрүү фондунун (IDF) финансылык колдоосу астында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору менен биргеликте Ден соолуктуу чыңдоо ассоциациясы.

«Мен уюштуруучуларга ушундай иш-чара үчүн ыраазычылык билдирем, мен ага жан дилим менен катыштым. Арт-воркшоптордогу атмосфера ушунчалык эркин жана достук маанайда болду, мен оор окуу күндөрүнөн кийин анда жан дүйнөмдү эс алдырдым», –  дейт БМК студенти Айпери Жаныбаева.

«Бишкектен издейм …» көргөзмөсү 16-февралдан тарта 24-февралга чейин уланат. Бул калаанын бардык жарандары жана меймандары үчүн жаш креаторлордун эмгегин көрүү жана ар кайсы өлкөлөрдүн студенттеринин арасында маданият аралык пикир алышуу темасын өздөрү үчүн ачуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгү.

Leave a Reply

Your email address will not be published.