Бүгүн, 14-февралда Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору БМСЖ (баштапкы медициналык санитардык жардам) медицина кызматкерлери үчүн “COVID- 19га каршы эмдөө тууралуу медицинциналык кызматкерлер менен адамдардын ортосундагы мамиле түзүү ыкмалары боюнча тренинг өткөрүүдө. Окутуу USAID LHSS тарабынан каржылык жана техникалык жактан колдоого алынды.
2 күндүк окутуунун максаты: иммундаштыруу программаларына
медицина кызматкерлеринин арасында төмөндөгү маселелер боюнча
билимдерине, мамилелерине жана тажрыйбаларына көмөктөшүү болуп саналат:
- COVID-19га каршы эмдөө маселелери боюнча адамдар ортосундагы мамилелердин маанилүү принциптерин түшүнүү жана колдонуу
- медицина кызматкерлеринде калк арасында COVID-19га каршы вакцинанын коопсуздугу жана эффективдүүлүгүнө байланышкан суроо-талаптарга жана көйгөйлөргө болгон фактылардын негизинде эффективдүү жооп берүүгө ишенимдүүлүктү бекемдөө
- COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүүдөгү оор кырдаалдардагы медицина кызматкерлеринин аракеттер алгоритми.
Ушул семинар аяктаганда анын катышуучулары ишке ашыра алышат:
- Вакцинага карата ишенимдин даражасын аныктоо жана МК ролун
түшүндүрүү;
- Тобокелчиликтерди түшүнүү жана алар тууралуу эмдөө боюнча чечим кабыл
алуусу зарыл болгон бейтаптарга маалымат берүү;
- Бейтаптардын жүрүм-турумун түшүнүү үчүн вакциналарды кабыл алуунун
даражасын жана алардын суроо-талапка ээ экендигин аныктоо;
- Вакцинага карата өкүм сүргөн ишенбестиктерди жана COVID-19дун
контекстинен алганда таасир берүүчү факторлорду сүрөттөө;
- COVID-19га каршы эмдөөгө карата бейтаптардын ар кандай мамилелерин аныктоо;
- Бейтаптардын эмдөөгө карата мамилелерин эске алуу менен COVID-19га каршы эмдөө боюнча мамиле түзүү жана кеңеш берүүлөргө болгон керектөөлөрдү жана максаттарды аныктоо;
- COVID-19га каршы вакцинанын коопсуздугу жана эффективдүүлүгүнөн кооптонууларды алып салуу үчүн мотивация берүүчү маектешүүгө негизделген стратегияларды колдонуу менен структуралык мамилени колдонуу;
- COVID-19га каршы вакциналарга калк тарабынан ишенимди жана аларга карата оң мамилелерди калыптандыруу үчүн так, кыска билдирүүлөрдү колдонуу;
- Бейтаптарга COVID-19га каршы эмдөө жана вакциналардын коопсуздугу боюнча маалыматтын так булактарын табууга жардам берүү.
Categories: COVID 19