Алдын алуу

ТАЗА КОЛДОР- ТАЗА ЖАШОО БУЛАГЫ

819

15-октябрь Кыргызстанда колду таза жуунун дүйнөлүк күнү белгиленет. Эл аралык “Таза колдор” күнү кичинекей кыргызстандыктар үчүн кандай мааниге ээ?
Колду самындап жуу жана таза кармоо – оорулардын алдын алуудагы негизги эрежелердин бири болуп саналат.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери Эл аралык “Таза колдор” күнү ордо калаанын бала бакчаларында иш алып барышты. Алар балдарга колду самындап туура жуунун эрежелерин айтып беришти.

Борбордун чыгармачылык тобу ден соолукту чыңдоо адистери менен бирге Бишкектин №115 бала бакчасында өткөн иш-чараны чагылдырды. Мында өздүк гигиена, тазалыкты сактоо, таза колдордун ден соолукка пайдасы жөнүндө балдарга маалыматтар берилди.


“Балдар биздин келечегибиз. Колду туура жуу жана тазалыгын сактоо эрежелерин ар бир жаран бала кезинен тарта билүүгө тийиш. Анткени таза колдор ар түрдүү оорулардын алдын алууда терең мааниге ээ”, – деди ден соолукту чыңдоо адиси Бактыгүл Усубалиева.
Ал таза колдордун жардамында жугуштуу ичеги-карын ооруларын, мите (паразитардык) дарттардын алдын алууга болорун кошумчалады.

Leave a Reply

Your email address will not be published.