ЖАҢЫЛЫКТАР

Балдар үчүн унаа отургучтары – баарынан зарыл!

276

Балдар үчүн отургуч – баарынан зарыл!

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 5000 жол кырсыгы катталган болсо анын ичинде кырсыкка кабылган жаш балдардын саны 1000ге жеткен. Учурда бул маселе боюнча жаңы долбоор ишке кирди.

    Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) атайы акционерлер фонду жана өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Кыргызстандагы «Коопсуз жол» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган «Коопсуздук куру жана жаш балдарды унаада алып жүрүү үчүн атайы отургучтарды колдонуунун зарылдыгын коомчулукка жеткирүү» маселеси боюнча жыйын болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын мэриясы жана  Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы (ЖККБ) катышты.

    Аталган жыйында ЕРӨБдүн борбор азия боюнча өкүлү Нил Маккейн, Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Жусупов, ошондой эле ИИББнин ЖККБ башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиевдер сөз сүйлөштү.

     «Коопсуз жол» коомдук бирикмеси тарабынан 2018-жылдын декабрь айында жана 2019-жылдын февраль айларынын аралыгында жүргүзүлгөн мониторингдин жана базалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен төмөнкүчө бөлүштү;

        Коопсуздук курунун ишке жарактуулугу: 

  • Алдынкы отургучтагы коопсуздук куру иштеген автоунаалар 99,1%
  • Арткы отургучтагы коопсуздук куру иштеген автоунаалар  77%
  • Коопсуздук куру отургуч менен кошо капталып, колдонулбай калган автоунаалар 25,3%

 
     Коопсуздук курун колдонгондор: 

  • Айдоочулардын 70,3%
  • Алдынкы отургучтагы жүргүнчүлөрдүн 58,7%
  • Арткы отургучтагы жүргүнчүлөрдүн 6,3%

      Жыйындын жүрүшүндө Молдавия республикасында уюштурулган «Мээримдүү отургуч» долбоорунун өкүлү Татьяна Михайлова Молдовия өлкөсүндөгү жүргүзүлгөн иш-чаралардын ийгиликтери менен бөлүшүп, бул иш-аракеттер эффективдүү болушу үчүн коомчулуктун өз алдынча колдонуп жаткан эрежелерин жана ыңгайлашкан шарттарын дагы эске алуу керектигин кошумчалады.

      Жыйынга чакырылган КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери жана «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин адиси Елена Тен жол коопсуздугуна байланыштуу маселелер ар дайым каралып келе жаткандыгын, атайы травматизм боюнча иш-чаралар өтүлүп, элге маалымат жеткирүү кампаниясы болуп турарын билдирди.

      Ошондой эле бул жыйынга чакырылган КР ЖКсынын депутаты Дастан Бекешов бул маселени колдоого алуу керектигин жана маалыматты калкка жеткирүүдө саясий, мамлекеттик ишкерлердин катышуусу менен чагылдырууну (мисалы: роликтерде саясий кызматкерлердин катышуусу) туура деп эсептээрин айтып, балдарды алып жүрүүчү атайы унаа отургучтардын элге жеткиликтүү болушун эске алуу керек деп белгиледи.

      Жыйындын акыркы бөлүгү ММК журналисттеринин суроолорун, ой-пикирлерин жана сунуштарын талкуулоо менен жыйынтыкталды.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.