Балдарга кам көрүү

Балдар күнүнө арналган “Алтын Казык” интерактивдүү фестивалына КРнын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова катышты

711

Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова менен  саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын катышуусунда ата-энелер, 30-майда, Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата ата-энелер жана балдарга арналган “Алтын Казык” интерактивдүү фестивалына катышты.

 Иш-чара 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө майрамдоого карата уюштурулду. Министр жаш балдардын калыптануусунда ата-энелердин ролунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал, бала кезинен туура жашоо баалуулуктарын, туура тамактанууну жана дене тарбия көнүгүүлөрдү тарбиялоо ата-энеден көз каранды экенин айтты. Анткени наристе сүйүүнүн жана камкордуктун курчоосунда болсо ал дени сак болуп, бактылуу адам болуп чоңоет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөөгө арналган ата-энелер жана балдар үчүн «Алтын казык» интерактивдүү фестивалына катышуунун алкагында бешик ырын ырдады.

Бешик ыры – дүйнөнүн көпчүлүк элдеринде, анын ичинде кыргыз оозеки поэзиясында да кездешүүчү лирикалык жанр. Бешик ыры баланы уят кылуу, сооротуу, алаксытуу, тарбиялоо максатында ырдалып, баланын бактылуу, элге кызмат кылууга татыктуу инсан болсун деген тилектерин билдирет.

Ошондой эле, Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова жана башка спикерлер менен биргеликте балдарга туура тарбия берүү боюнча суроолорго жооп беришти.

Улуттук баалуулуктардын стилинде уюштурулган фестивалдын алкагында балдарга жана ата-энелерге туура тамактануу, оюндар жана музыка боюнча мастер-класстар көргөзүлдү. “Алтын Казык” фестивалын “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду “Супара” этно-комплексинин жетекчилиги менен биргеликте уюштурган.

“Алтын Казык” фестивалын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы РДЧжМК борбору, “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду  жана “Супара” этно-комплексинин жетекчилиги менен биргеликте уюштурган. Иш-чарада туура тамактануу боюнча жарманке уюштурулду.

Анда КРнын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы РДЧжМК борборунун директору Нурила Алтымышева ата-энелерге тез тамактануунун ордуна жер-жемиштерди, ар кандай зыяндуу таттууларды кургатылган жер-жемиштерге алмаштыруу сунушталды.

Фестивалдын максаты – улуттук баалуулуктарды эске алуу менен акыркы илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын пайдалануу аркылуу кичине курактагы балдардын өнүгүүсү тууралуу ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу.

Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата ата-энелер жана балдарга арналган “Алтын Казык” интерактивдүү фестивалында Саламаттык сактоо министрлигинин психолог, логопед, маммолог, невролог жана педиатр медициналык адистери эки  боз үйдүн ичинде балдардын жана ата-энелердин саламаттыгын акысыз текшерип, консультацияларды жүргүздү.

Leave a Reply

Your email address will not be published.