Дени сак шаар

«Дени сак шаар»: Ак-Босого конушунда жаңы сейил бак ачылды

670

Ак-Босого конушундагы сейил бактын ачылыш аземине директор Нурила Алтымышева баштаган РДЧжМКнын кызматкерлери катышты.

Бүгүн, 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Ак-Босого жаңы конушунун тургундары үчүн сейил бактын ачылуу аземи болду.

Эми жергиликтүү тургундар таза абадан дем алуу, эс алуу, физикалык көнүгүүлөрдү жасоо үчүн бара турган жерлери болот. Кичинекей балдары бар энелер коляскалары менен ушундай жарык, аба, таза паркта сейилдей алышат. Жашыл аймак жана таза аба Ак-Босого элинин ден соолугун чыңдоого салым кошот. Парктын бардык периметри боюнча чырактар, отургучтар жана таштанды челектери орнотулган. Жергиликтүү тургундар кечкисин жарыктандырылган жалпак жолдор менен басып өтүшөт, ал эми балдар велосипед жана скутер тээп жүрө алышат.

Парктын ачылышынын урматына иш-чаранын конокторуна концерт уюштурулду. Ошондой эле ар бир адам кан басымын, кандагы канттын деңгээлин бекер өлчөп, медициналык адистерден туура тамактануу, физикалык активдүүлүк ж.б.у.с. кеңеш алышты.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 22-июлунда Эл аралык миграция уюму (МОМ) Миграцияны өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдун “Абанын булганышы боюнча мигранттардын маалымдуулугун жогорулатуу жана Бишкектин “Дени сак шаар” ыкмасына ылайык чараларды иштеп чыгуу” долбоорун ишке киргизген. Фонд (IDF)

Парктын ачылышы калк жашаган аймактардын экологиялык абалын жакшыртуу максатында уюштурулган. Долбоор Ак-Босого конушуна жагымдуу шарттарды түзүү максатында тургундардын, демилгелүү топтордун жана райондук администрациянын натыйжалуу кызматташуусунун үлгүсү болуп саналат.

Ачылыш аземге, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Президенттик аппараттын өкүлдөрү катышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published.