Балдарга кам көрүү

БАЛДАРДЫ ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЖАКТАН КОЛДОО

257

Ата энелер менен балдардын ортосундагы мамилелер барган сайын түрдүү себептерден улам ар кандай ажырымдар же келишпестиктер сыяктуу маселелерге айланып калууда. Бул боюнча атайы эксперттер ата энелер үчүн таасирдүү делген бир нече факторлорду эске алууну  сунушташат.

– Урматтуу ата эне, балаңыздын уникалдуулугуна, Сиздин балаңыз өзүнчө бир сонун экендигине, коңшулардын бир дагы баласына окшош эместигине жана Сиздин өзүңүздүн так көчүрмөңүз болуп саналбай тургандыгына ишениңиз. Ошондуктан баладан Сиз берген жашоо программасын ишке ашырууну жана Сиз койгон максаттарга жетишүүнү талап кылуунун кереги жок. Ага өз жашоосун өзү жашоо укугун бериңиз. Балага анын кемчиликтери, алсыз жактары жана кадыр-баркы менен өзү кандай болсо, ошондой болуусуна мүмкүнчүлүк бериңиз.  Ал кандай болсо, ошондой кабыл алыңыз. Баланын күчтүү жактарына ишениңиз.

Ата-энелерге кеңештер

Балага өзүңөрдүн сүйүүңөрдү көрсөтүүдөн тартынбагыла, аны дайыма жана кандай гана кырдаалдарда болбосун жакшы көрө тургандыгыңарды билдиргиле.

Силердин жакшы көрүүңөр бардыгына жол берүүгө ошол эле учурда баланы өз алдынчалыкка көзөмөлсүз калтырып койбой  тургандай аракетте болушу кажет. Анткени балдарга кандайдыр бир тыюулардын болушу керек, ал эми тыюулардын чектерин так жана даана белгилегиле (бирок алардын азыраак болгону жакшы). Белгиленген тыюу салуу жана уруксат берүүлөрдү алгач өзүңөр  бекем кармангыла.

Жазалоону колдонууга шашылбагыла. Балага өтүнүч менен таасир этүүгө аракеттенгиле. Баш ийбеген учурларда өтүнүч баланын курагына жана мүмкүнчүлүктөрүнө канчалык дал келерине көңүл бургула.

Эгерде бала баш ийбестигин ачык көрсөтүп жатса, силер жазалоо тууралуу ойлонушуңар мүмкүн. Жазалоо жасаган кылыгына дал келиши керек, бала жазалангандыгын так түшүнүүгө тийиш.

Бала менен тез-тезден сүйлөшүп тургула, ага тыюу салуу жана чектөөлөрдүн маанисин түшүндүргүлө. Балага өзүнүн сезимдерин жана кайгырууларын оозеки билдирүүсүнө, өзүнүн жүрүм-турумун жана башка адамдардын жүрүм-турумдарын түшүнүүнү үйрөнүүсүнө жардам бергиле.
Балдарыңардын психикалык саламаттыгы силердин колуңарда. Көп учурда өзүңөрдүн сүйүүңөргө жана интуицияңарга таянгыла.

Бала коомчулук менен сүйлөшүүнү бизден, чоңдордон үйрөнөт.  Андыктан биз ата энелер баланын коомчулукка болгон мамилесинин бирден-бир модели болуп эсептелебиз. Алар чоңдордун жана курбалдаштарынын дүйнөсүндөгү алгачкы кадамды бизге карап баштайт, биз бул дүйнөнү кандай көрсөтүп жаткан болсок, алар ошол өңүттөн баштайт, ошондой эле бул дүйнөнү дагы биз түшүндүргөндөй кабыл алат жана дүйнөгө биз түшүндүргөндөй ой жүгүртүшөт.

Чоңдордун балага карата мамилелеринин стили балдардын жүрүм-турумуна эле эмес, алардын психикалык саламаттыгына дагы таасирин тийгизет; анткени баладагы өзүн-өзү баалоосуна терс таасир берген чоңдордун мамилелери (мисалы, баланын чыгармачылыгын баалабай коюу) же балдардын өзгөчөлүктөрүнө, талантына, аракеттерине негативдүү баа берүү (мисалы, ал көңүлдөнүп жасаган эмгегин болбогон нерсе катары кабыл алып кою же көңүлдөнүп айткан нерсесин мазактап, шылдыңдап коюу) баланын ички дүйнөсүндө  агрессивдүүлүктүн топтолушуна түрткү берет.

Демек, балдардын биз менен болгон пикир алышууларында өзүн жана башкаларды баалоо калыптанат, ошону менен катар эле абдан маанилүү өзгөчөлүк – башка адамдарга боор ооруу, башкалардын кайгысы менен кубанычын сезе билүүсү дагы пайда болот.

Психологиялык жактан балдардын ар кандай түрлөрү бар жана бардык түрлөргө ар кандай аракеттенишүү керек. Эки түрдүү мисал келтирип көрөлү: ата-энелердин өтө көңүл буруусун талап кылган кооптонгон жана агрессивдүү балдар.

Кооптонгон балдар

 Психологияда кооптонуу “узак убакытка чейин сакталып турган туруктуу жеке сапаттын түзүлүшү”, эмоционалдык ыңгайсыздык катары түшүндүрүлөт. Кооптонуу адамдын сапаты катары пессимизмге жакын келген астеник-балага мүнөздүү. Көп учурда жашоого карата мындай мамиле балага ата-энеси жана жакындарынан өтөт.

Мисал. 7 жаштагы кыздын апасы кызы мугалим эжейинин жанына келип бир нерсе сурай албай тургандыгын, апасынан бөлүнгөндө ыйлап калаарын айтып арызданат. Сүйлөшүп жаткан учурда аял акырын жана үзүл-кесил сүйлөп жатты, көзүндө болсо – жаш.

Мындай учурларда баланын жүрүм-турумунда тарбиянын жыйынтыгы эмне болуп эсептелерин, ал эми тукум куучулук боюнча эмне берилгендигин аягына чейин түшүнүү кыйын. Көп нерсе мүнөздүн тубаса өзгөчөлүктөрүнөн көз каранды, мисалы, мындай тынчсыздануу меланхолик темпераментиндеги балдарга мүнөздүү. Мындай бала дайыма кайсы бир эмоционалдык ыңгайсыздыкты башынан өткөрөт, ал тигил же бул кырдаалдарга жай ыңгайлашат, ал эми көнүмүш жашоосундагы кайсы гана болбосун өзгөрүүлөр анын жан дүйнөсүндөгү тең салмактуулуктан көпкө чейин ажыратат.

Кооптонуунун  түрлөрүнө кырдаалдык жана мектеп түрү кирет

Кырдаалдык кооптонуу конкреттүү кырдаал менен байланышкан, кандайдыр бир окуялардын жыйынтыгы болуп саналат. Мисалы, дарыгердин ооруткан процедурасынан кийин бала бардык дарыгерлерден корко баштайт. Көп учурда курагына карабастан, балдар дүкөндөн өз алдынча бир нерсе сатып алуудан коркушат. Бала дүкөнгө бара тургандыгын билип алдын ала эле капаланат, анын маанайы бузулат, ал үйдө калууну жакшы көрөт.

Кырдаалдык кооптонууну азайтууга болот, бирок бардыгы тең эле андан биротоло кутула албайт – көптөгөн чоң адамдарда дарыгерге баруунун же текшерүү ишинин алдында  коркунуч сакталып калган.

Мектептеги кооптонуу – кырдаалдык кооптонуунун бир түрү. Баланы мектеп менен байланышкан бардык нерселер толкундандырат жана тынчсыздандырат. Ал текшерүү иштеринен, доскада жооп берүүдөн, эки алуудан, жаңылып калуудан коркот. Мындай кооптонуу көп учурда ата-энелери балдарына ашыкча талаптарды жана күтүүлөрдү койгон, ийгилиги көбүрөөк курбалдаштары менен салыштырган балдарда пайда болот. Мындай кооптонуу көп учурда башталгыч класстарда жолугат. Чоңойгон сайын бала кыйынчылыктарга азыраак эмоционалдуулук менен жооп берет, өзүн компетенттүүрөк сезет, ал өзгөрүүлөрдөн азыраак коркот жана өзгөрүүлөргө тез эле көнүп кетет.

Кооптонгон балдардын түрлөрүнө төмөндөгүлөр кирет:

Невротиктер.  Соматикалык белгилери бар (тик (былкылдоо, тартуу), кекеч, энурез ж.б.) балдар. Мындай балдардын көйгөйү психологдун компентенциясынын алкактарынан сырткары чыгат, аларга невропатолог, психиатр дарыгердин жардамы зарыл.

Мындай балдарга ичиндегисин айтууга мүмкүнчүлүк берүү, окутуучулардан соматикалык белгилерге көңүл бурбоону өтүнүү зарыл. Бала үчүн ыңгайлуу кырдаал түзүү, кабыл алуу жана жаракат берүүчү факторду азайтууга жеткирүү керек. Мындай балдарга коркунучтарды тартуу, аларды ойноо пайдалуу.

Ооздукталбагандар. Коркуу сезими терең катылган абдан активдүү, эмоционалдуу балдар. Башында алар жакшы окууга аракеттенишет, бирок бул оңунан чыкпай калса, анда алар тартип бузуучу болуп калышат. Сындарга атайылап кош көңүл жооп беришет. Өзүнүн ашыкча активдүүлүгү менен коркунучту басууга аракеттенет.  Ийгиликтүү окууга тоскоол болуучу (эске тутуу, көңүл буруу, майда моторика менен болгон көйгөйлөр) жеңил органикалык тартип бузуулар болушу мүмкүн.

Мындай балдарга  айланасындагылардын ак пейилдүү мамилеси керек. Ошондуктан ата-энелер мугалим менен классташтарынан  колдоосу керектигин өтүнүшсө болот. Аларда ийгиликтүүлүк сезимин пайда кылып, өзүнүн күчүн текшерип көрүүгө жардам кылып алардын активдүүлүгүнүн чыгуусуна мүмкүнчүлүк берүү зарыл.

Уялчаактар. Адатта бул жоош, сүйкүмдүү балдар, алар окууда абдан аркетчил болушса деле мектепте доскада жооп берүүдөн коркушат, колун көтөрүшпөйт, демилгесиз. Мугалимден бир нерсе суроодон коркушат, эгерде ал үнүн көтөрсө (ал гана эмес башкага) чочуп кетишет, майда-барат нерселерден көп ыйлашат, бир нерсени жасабай калган болсо капаланышат. Курбалдаштары менен байланыш курууда көйгөйлөргө ээ. Психолог же педагог менен жекече жакшы пикир алышат.

Мындай балдарга кызыкчылыктар боюнча тандалган курбалдаштарынын тобу жардам берет. Чоңдор колдоо көрсөтүүгө, кыйналган учурларда кырдаалдардан чыгуунун жолдорун жайбаракат сунуштоого тийиш жана бала жаңылышууга укуктуу экендигин моюнга алуулары керек.

Түнт. Түнөргөн, кыртышы эч нерсени сүйбөгөн балдар. Сындарга эч кандай жооп беришпейт, чоңдор менен байланышка чыкпоого аракеттенишет, ызы-чуулуу оюндардан качышат, өзүнчө эле отура беришет. Окуусунда кызыкчылыктын жана процесске кошулуунун жоктугунан улам көйгөйлөр болушу мүмкүн. Өздөрүн бардыгынан жамандык күтүп жаткандай алып жүрүшөт. Мындай балдар үчүн аларга кызыктуу болгон тармактарды табуу (динозаврлар, компьютер ж.б.у.с.) жана ушул темада талкуулоо, маектешүү аркылуу мамиле түзүүнү жөнгө салуу маанилүү.

Кооптонгон балдарга мүнөздүү белгилер

Бир канча жума ооругандан кийин бала мектепке баргысы келбейт.

Бала бардык жаңы нерседен баш тартуу менен бир эле китепти бир канча жолу кайра-кайра окуп, бир эле фильмди көрүп отура берет.

Бала идеалдуу тартипти карманууга умтулат, стол үстүндөгү мектеп шаймандарын белгилүү бир ырааттуулукта өжөрлүк менен тизип чыгат.

Эгерде бала өтө сезгич жана эмоционалдуу болсо, ал кооптонууну жакындарынан “жуктуруп алышы” ыктымал.

Бала текшерүү иштеринин учурунда абдан кыжырланат, сабактарда дайыма кайрадан сурайт, толук түшүндүрүп берүүнү талап кылат.

Тез чарчайт, алсырайт, башка ишмердүүлүккө араңдан зорго өтөт.

Эгерде тапшырманы ошол замат аткаруу мүмкүн болбой жатса, аны кийин аткаруудан баш тартат.

Өзүн жакындары менен болгон бардык жагымсыз нерселер үчүн айыптайт.

Балага кооптонууну жеңүүгө кантип жардам берүү керек?

Баланын кооптонуусун түшүнүү жана кабыл алуу зарыл – ал ага толук укуктуу. Анын жашоосун, ойлорун, сезимдерин, корккон нерселерин сурагыла. Аны ушул тууралуу айтууга үйрөткүлө, мектептеги жашоодогу кырдаалды бирге талкуулагыла, андан чыгуунун жолун бирге издегиле. Башынан өткөргөн жагымсыз кырдаалдардан пайдалуу бүтүм чыгарууга үйрөткүлө, муну менен тажрыйбага ээ болот, дагы көбүрөөк жагымсыздыктардан качуу мүмкүнчүлүгү бар ж.б. Бала силерге жардам жана кеңеш алуу үчүн дайыма кайрылса боло тургандыгына ишениши керек. Анын кайгырууга болгон укуктарын тааныгыла, сөзсүз ага бооруңар оорусун. Түшүнгөнүңөрдү жана бооруңар ооруп жатканын билдиргенден кийин чыгуу жолун табууга, жакшы жактарын көрүүгө жардам бергиле.

Балага кооптонууну жеңүүгө жардам бергиле – ага коркунучу азыраак болгон шарттарды түзгүлө.

Эгерде мектепке бала ооруп калгандан улам көп күн барбай калган болсо, анын акырындап кайтып келүүсүн камсыздоого аракеттенип көргүлө, мисалы, сабактардан кийин үйгө чогуу келгиле, үй тапшырмасын билгиле, классташтары менен телефон аркылуу сүйлөшүп турсун; мектепте жүрүү убактысын чектегиле, ашыкча жүк жүктөөдөн алыс болгула.

Татаал кырдаалдарда бала үчүн бардыгын жасоого умтулбагыла, ойлонууну, көйгөйдү биргелешип чечүүнү сунуштагыла, кээде силердин анын менен чогуу болушуңар эле жетиштүү.

Кооптонгон баланы жашоодогу өзгөрүүлөргө жана маанилүү окуяларга алдын ала даярдагыла, эмне боло тургандыгы тууралуу сүйлөшкүлө.

Алдыдагы кыйынчылыктарды боёктор менен сүрөттөп, мындай баланын ишке жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга аракеттенбегиле. Мисалы, аны кандай олуттуу текшерүү иши күтүп тургандыгын белгилөөнүн кажети жок.

Бала менен өзүңөрдүн кооптонууларыңарды өткөн чак менен бөлүшкөн жакшы: “Алгач мен тиги-будан коркком…, бирок андан кийин тигиндей-мындай болду, анан мен…жасай алдым”.

Кайсы гана кырдаалда болбосун жакшы жактарын издөөгө аракеттенгиле: текшерүү ишиндеги каталар – бул маанилүү тажрыйба, сен эмнеге көңүл буруу керектигин, эмнени кайталоо керектигин түшүндүң…

Баланы алдына анча чоң эмес конкреттүү максаттарды коюуга жана ага жетишүүгө үйрөтүү маанилүү.

Баланын жыйынтыктарын анын гана мурдагы жетишкендиктери/жолу болбогон учурлары менен салыштыргыла.

Оптимист ата-энелердин балдары – оптимист балдар, ал эми оптимизм – кооптонуудан коргойт.  

Агрессивдүү балдар

 Агрессивдүүлүк (лат. aggressio — кол салуу) — бул жеке адамдын өз максатына жетүү үчүн зордук-зомбулук ыкмаларын пайдаланууну артык көрүү сапаты.

Агрессивдүүлүктүн тышкы себептери

Тилекке каршы көптөгөн ата-энелер кош стандарттарга ыкташат: алар сөз жүзүндө балдарда агрессиясынын пайда болуусуна терс мамиле кылышат, баланы боорукер кылып тарбиялагылары келишет, бирок ошол эле учурда баланын келип чыккан көйгөйлөрдү күчтүн жардамы менен чечүүгө умтулуусун колдошот. Эгерде үй-бүлөдө денесине уруп жазалоо нормалдуу болуп эсептелсе, балдар муну жүрүм-турумдун нормасы катары кабыл алышат. Балдар жүрүм-турум моделин тандаган учурда алардын ата-энелери айтып жаткандарга эмес, алар эмнени ойлошооруна, эмнени сезе тургандыгына, өздөрүн кандай алып жүрө тургандыгына карап багыт алышат.

Балдар коомунда, өзгөчө балдар арасында күч көп учурда маанилүү болуп саналат. Эгерде бала “жоокерчилик” классына же топко түшүп калса, ал жалпы “маанайга” карап ыңгайлашат, лидердин жүрүм-турумун үйрөнүп алат же болбосо курбалдаштары менен мамиле түзүүдө чоң көйгөйлөргө дуушар болот. Мындай учурда балдар жамаатын алмаштыруу зарыл, ошондо гана баланын жүрүм-туруму өзгөрөт.

Бала тасмалардын каармандарын, ойдон чыгарылган баатырларды туурашы мүмкүн.  Балдар жана өспүрүмдөр чоңдорго арналган берүүлөрдү, тасмаларды – боевиктерди, негизги темалары – шантаж, зомбулук, өлтүрүү, катастрофалар, терроризм болгон жаңылыктар чыгарылышын көрүшөт.  Ошол эле темалар газеталарда, китептерде, компьютердик оюндарда аябагандай көп берилет. Балдардын психикасы тышкы дүйнөнүн агрессиясынын кыйратуучу таасиринен корголгон эмес, алар чоңоюшу, күчтөнүшү керек, алар өспүрүм куракка жеткенде айланасында болуп жаткандарды адекваттуу баалап жана курчап турган чындыктын кысымынан коргоно алат.

Агрессивдүүлүктүн ички себептери

 Ички ыңгайсыздыктын, ишенбөөчүлүктүн көрүнүшү.

Тескери эмоцияларын адекваттуу билдире албоо, өзүн көзөмөлдөй албагандык.

Кооптонуунун абдан жогору болушу, өзүн четке кагылгандай сезүү.

Өзүн өзү туура эмес баалоо (көп учурда төмөн баалоо).

Чоңдордун көңүлүн бурууга умтулуу.

Агрессивдүүлүк жеке адамдын касиети катары, коркунуч учурунда жана адамга эч нерсе коркунуч туудурбай өтүп кеткен учурда келип чыгуучу кырдаал агрессиясынан айырмаланат. Кырдаал агрессиясы дээрлик нормалдуу көрүнүш жана ал гана эмес зарыл, аны оңдоонун кереги жок. Мындай учурларда адам өзүнүн терс эмоцияларын адекваттуу билдире билүүсү маанилүү. Бирок агрессивдүүлүк жеке адамдын касиети болуп калган учурлар болот. Кырдаал агрессиясы жеке адамдын патологиялык өзгөчөлүгүнө өсүп жеткендигин кантип билүүгө болот?

Агрессивдүүлүктүн болжолдуу критерийлери

Кенже курактагы окуучулар:

көп учурда өзүн көзөмөлдөөнү жоготуп алышат;

көп талашат жана айланасындагылар менен урушат;

чоңдордун өтүнүчтөрүн  аткаруудан баш тартышат;

атайылап башкалардын кыжырлануу сезимин козгошот;

өзүнүн жаңылыштыктарына башкаларды айыпташат;

өзүнүн ачуусун жансыз буюмдардан чыгарышы мүмкүн;

ачуулануу, каардануу, ичи тардык сезимине көп кабылышат;

өч алууга умтулуу менен таарынычты көпкө эстешет;

курулай шектенишет жана кыжырланышат.

Орточо  мектеп курагы жана өспүрүмдөр:

башка адамдарды сөз, ишара кылуу, көз карашы менен коркутушат;

мушташты демилгелеп турушат;

боорукерлик кылышпайт, жаныбарлардын жана адамдардын денесин атайылап оорутушат, таш боор, жасаган иштерине өкүнүшпөйт;

ата-энелердин пикири, алардын тыюу салуулары менен эсептешпейт;

сабактардан калышат, мугалимдер, курбалдаштары менен карама-каршылыкка барышат.

Эгерде Сиз бала үчүн сүрөттөлгөн агрессивдүүлүк белгилеринин жок дегенде жарымы мүнөздүү болсо, ошол эле учурда алар жарым жылдан кем эмес убакытта жана үзгүлтүксүз болуп турат деп эсептесеңиз, анда бала чындап эле агрессивдүү, ага (жана үй-бүлөсүнө) адистин жардамы зарыл.

Эгерде  балаңар агрессивдүү оюндарды көп ойносо эмне кылуу керек?

Баланы курчап турган чөйрөдөн агрессияны (жазалоо, курбалдаштар, телефильмдер, сүйлөшүүдөгү орой сөздөр ж.б.) жокко чыгаргыла.

Балага терс эмоцияларын айланасындагыларга (өзүнө дагы) зыян келтирбестен көзөмөлдөөнү жана аларды адекваттуу “төгүп таштоону” үйрөнүүгө жардам бергиле.

Эсиңерде болсун: оюнда өзүнө агрессивдүү ролду алуу менен бала реалдуу жашоодогу агрессиядан коргонот, мамиле түзө билбегендигинин ордун толтурат, уялчаактыгын, тартынчаактыгын жашырат.

Баланын өзүн өзү баалоосун жогорулаткыла.

Тынчты алган “коңгуроолорду” өз учурунда байкоо жана алар эмнеден улам пайда болгондугун түшүнүү үчүн “тең укуктуу” пикир алышууга аракеттенгиле.

Баланы агрессивдүү жүрүм-туруму үчүн жазалабагыла! Силер тараптан болгон агрессия балада агрессивдүү жүрүм-турумдун бекемделишине түрткү берет. Аны алаксытууга аракеттенгиле, бала тынчтанган учурда гана сүйлөшүүнү баштоо керек.

Силердин сөздөрүңөр жасаган ишиңерден айырмаланбоосуна аракеттенгиле!

Балаңызарда курбалдаштары менен мамиле түзүүдө көйгөйлөр (ролдук коррекциялык оюндар, психологдун кеңештери, коммуникативдик ыкмаларды өнүктүрүү) пайда болсо ага жардам бергиле.

Агрессия үчүн жазалоо пайдасыз, ага тыюу салуунун дагы кереги жок – бул көйгөйдү тереңге алып барат. Анын келип чыгуу себебин издөө зарыл.

Ата-энелердин балдар менен натыйжалуу пикир алышуусунун эрежелери

1Баланы угуп жатканда силер ал айтып берип жаткан окуяга байланыштуу анын абалын, сезимдерин түшүнө тургандыгыңарды ал түшүнүп жана сезе тургандай кылгыла. Бул үчүн баланы угуп бүтүп, андан кийин ал силерге айтып берген нерсени өзүңөрдүн сөзүңөр менен кайталагыла. Силер бир эле учурда үч коёнду өлтүрөсүңөр:
• бала силер аны угуп жатканыңарга көзү жетет;
• бала өзүн өзү тыштан уга алат жана өзүнүн сезимдерин жакшы түшүнө алат;
• бала силер аны туура түшүнгөнүңөргө көзү жетет.

Көйгөйлөрү көп же кайсы бир нерсеге капаланган адам адатта келечекти сезүүнү жоготуп алат. Биз кунт коюп угуу менен балага маселени териштирүүгө, көйгөйдү “сиңирүүгө” жардам беребиз.

2. Баланы угуп жатканда анын мимикасына жана ишараларына көз салгыла, аларды изилдегиле. Кээде балдар баардыгы жайында экендигин айтышат, бирок эриндеринин калтыроосу же жашылданган көздөрү такыр башка нерсе тууралуу айтып турат. Сөздөр менен мимика дал келишпеген учурда, дайыма мимикага, бетинин түрүнө, позасына, ишараларына, үнүнүн тонуна артыкчылык бергиле.

3. Баланы сөз айтпастан колдогула жана көңүлүн ачкыла. Жылмайгыла, кучактагыла, көзүңөрдү кыскыла, ийинден сылагыла, башыңарды ийкегиле, көздөрүнө карагыла, колдорун кармагыла.

4.Баланын суроолоруна кандай тон менен жооп берип жатканыңарды байкагыла. Силердин “сүйлөө” тонуңар силердин сөздөрүңөрдөй эле түшүнүктүү эмес. Ал күлкүлүү болушу керек эмес. Силерде  бардык суроолорго даяр жооптор болушу мүмкүн эмес.

5. Баланы колдоо менен сүйлөшүп отургула, ал айтып жаткан нерсеге кызыгууңарды көрсөткүлө. Мисалы: “Анан эмне болду?” же “Мага бул тууралуу айтып берчи…” деп сурагыла.

Балага жана өзүнө терс эмоцияларды жеңүүгө кантип жардам берүү керек? Баланы өзүн өзү башкарууга кантип үйрөтүү керек?

Балдар эмес көпчүлүк чоң адамдар деле алардын жан дүйнөсүндө эмне болуп жаткандыгын, эмнеге нааразы экендиктерин сүрөттөп бере алышпайт. Ал эми эгерде адам өзүнүн жан дүйнө абалын баалай алса, айланасындагыларга дагы, анын өзүнө дагы жеңилирээк болот эмеспи.


Бала менен ачууну билдирүүнүн ыкмаларын талкуулагыла. Ал (же силер өзүңөр) бул суроолорго жооп берүүгө аракеттенип көрсүн:

Эмне сенин ачууңду келтирет?

Сен ачууланган учурда өзүңдү кандай алып жүрөсүң?

Ачууланган учурда эмнени сезесиң?

Ошол мүнөттөрдө жагымсыз нерселерден качуу үчүн сен эмне кыласың?

Адамдар ачууланганда айта турган сөздөрдү атагын.

Эгерде өзүң үчүн таарынта турган сөздөрдү уксаң эмнени сезесиң, эмне кыласың?

Сен үчүн эң эле таарынта турган сөздөр кайсылар?

Жоопторду бала менен талкуулоо үчүн аларды жазып алган жакшы. Мисалы, ачууланганда кандай сөздөрдү айтууга болот, ал эми кайсыларды айтпаш керек, анткени алар өтө кескин, жагымсыз.

Баланы өзүнүн эмоцияларын башкарууга үйрөткүлө

Муштумду бекем түйүп, колдун булчуңдарын чыңалтып, андан кийин терс энергияны “кое берүү менен” акырындап бошотууга болот.

Эгерде силердин балаңар ачуулана баштаса, аны бир канча дем алуу – дем чыгарууну же 5-10го чейин саноону өтүнгүлө.

Силер эмоцияларды ичин көздөй кубалоо, аларды жашырууга аракеттенүү абдан зыяндуу экендигин түшүндүңөрбү? Мындай аракеттердин жыйынтыгы – жүрөктүн оорусу, невроздор, улгайган курактагы жогорку кан басым, ага кошумча айланадагылардын түшүнбөстүгү, абдан кыжырлануу, агрессивдүүлүк, пикир алышуудагы көйгөйлөр. Ошондуктан эмоцияларды көрсөтүүгө, аларды айланадагыларга зыян келтирбестен “төгүп таштоого” баланы үйрөткүлө жана өзүңөр дагы үйрөнгүлө. Эмоцияларды чыгаруу ден соолукту (физикалык жана психикалык) сактоо үчүн зарыл, ал эми өзүнүн көйгөйлөрү тууралуу айтып бере билүү айланадагылар менен байланыштарды жөнгө салууга, өзүн өзү түшүнүүгө жардам берет.

Балдардын өз алдынчалыгы тууралуу

Өз алдынчалык өзүнөн өзү эле пайда болбойт, ал тарбияланат жана өөрчүйт. Өз алдынчалык – татаал сапат, ал тышкы белгилерден жана мажбурлоодон эркин болууну түшүндүрөт.

Кенже курактагы мектеп окуучуларынын өз алдынчалыгы салыштырмалуу чектелген мүнөзгө ээ экендигин анализдөө көрсөтөт. Мисалы, үй тапшырмасын даярдап жатып, көпчүлүк балдар кыйналган учурларда жардам алуу үчүн улууларга арсар болбостон эле шашылып жөнөшөт. Үй ичиндеги милдеттерди аткарып жатып, балдар берилген эрежелерди так аткарышат жана анын чегинен чыгышпайт.

Айбек полду шыпырды (аны апасы суранган), бирок үстөлдүн бетин сүрткөн жок. “Үстөл кир боюнча калдыбы?” – деген суроого бала таң калуу менен: “Сиз бул тууралуу мага айткан жоксуз”, – деп жооп берди.

Мындай көрүнүштөрдүн себептери балдардын психологиялык жана курактык мүмкүнчүлүктөрүндө жатат. Кенже курактагы мектеп окуучуларынын психикасы туруктуу эместиги жана карама-каршылыктуу экендиги менен айырмаланат. Алар ишти аткарууга жан-дили менен киришет, бирок эркинин жетишерлик эмес өнүгүүсү импульсивдүүлүккө, капыстан болгон каалоолордун таасири астында аракеттенүүгө ыктоого алып барат. Ошондуктан балдар ойлонулган нерсени дайыма аткара алышпайт, аларга кыйынчылыктарды жеңүүдө өжөрлүк, тырышчаактык жетишпейт. Кенже курактагы мектеп окуучуларынын арасында тапшырма алгысы келбегендер сейрек, бирок тапшырма алган соң көпчүлүгү ага болгон кызыгууларын жоготушат.

Көпчүлүк чоң адамдар көп учурда баланын жеке сапаттарынын калыптануусу үчүн өз алдынчалыкты өнүктүрүүнүн маанилүү экендигин моюндарына алышпайт.

Мисалы: “Силер өзүңөрдүн балдарыңардан өз алдынчалыкты байкайсыңарбы?”, “Силер аларды ага үйрөтүп жатасыңарбы?” деген суроолорго кенже курактагы мектеп окуучуларынын ата-энелери мындай деп жооп беришет:

«Жок, анчалык деле байкабаймын».

«Алар эч кандай өз алдынчалыкты каалашпайт”.

«Кайдагы өз алдынчалык – булар али кичинекей».

Экинчи суроого көпчүлүгү жакшы жооп беришкен, бирок ошол эле жерден, алар муну кез-кезде гана, үзгүлтүксүз жасабай тургандыктарын кошумчалашты: “Муну менен алектенүүгө убакыт жок”. Ошол эле учурда чоңдор көбүнчө окуучулардын өз алдынча эместигине кейип-кепчишет: “Аларды дагы эле колунан жетелеп жүрүүгө туура келет”, “Аларга бардыгын “чайнап берүү керек””.

Өз алдынчалыктын өнүгүү баскычтарын карап көрөлү:

Биринчи баскыч. Балдар чоңдордун, улуулардын жардамы аркылуу, алардын аракеттерин көчүрмөлөө менен (тууроо баскычы) белгилүү бир үлгү боюнча аракеттенишет.

Экинчи баскыч. Балдар иштин бир бөлүгүн өз алдынча аткарууга алы жетет, аларды ишке ашыруунун айрым бир ыкмаларын табышат (жарым-жартылай өз алдынчалык баскычы).

Үчүнчү баскыч. Кенже курактагы мектеп окуучулары кайталанган кырдаалдарда, өздөрүнө жаккан, өтө маанилүү белгилүү бир ишти өз алдынча аткарышат (толугураак өз алдынча баскыч).

Балдардын өз алдынчалыгына талаптарды коюу боюнча ата-энелердин адашууларынын мисалына анализ жасап көрөлү.

Апасы кызы тууралуу анын мугалимине мындай деп арызданат: – “Аида чоң энеси ал үчүн бардыгын жасап жүргөнүнө көнүп калыптыр, эми болсо кызым менден ошону талап кылып жатат. Бирок мен иштеймин, ага кам көрө албаймын. Каалабаймын дагы, анткени ал бир нерсе үйрөнүшү керек. Ага жалгыз жашоого да туура келет: апасы менен чоң энеси дайыма эле жанында боло бербейт да”.

– “Ал эмнени жасай албайт?”

– «Эч нерсе кыла албайт. Колуна шыпыргы кармай албайт. Розеткага жолой албайт. Ал гана эмес ширеңке күйгүзгөндөн коркот. Сиз ишенесизби, ага ширеңке күйгүзүүнү үйрөтүү үчүн канча убараландык! Бирок баары бир түшкү тамакты өзү ысыта албайт, мени кечке чейин күтөт!”

Чоң адамдар алардын өзүн өзү тейлөө боюнча тажрыйбалары көп жылдардын ичинде майда операциялардан топтолгондугун унутуп жатышат. Апалар менен аталар жөндөмгө бала жалаяктагы кезинен эле ээ болот деп ойлошот. Анткени алар балага кайрылып жатып: “Кантип эле ушундай болбогон майда нерсеге алың жетпейт? Кантип сен ушул болбогон нерсени жасай албай койдуң?” – деп көп кайталашат. Ал эми бала чындап эле ушул “болбогон нерсени” жасаганга алы жеткен эмес: ага бир нерсе тоскоол болгон, бир нерсе чочулаткан. Ал бир нерсеге ишенген эмес, бир нерседен корккон.

Ошентип, өз алдынча тажрыйбаларды иштеп чыгууда ата-энелердин ак пейилдүү чыдамкайлыгы, көп жолу кайталоосу, колдоосу, бала бир нерсени жасоого дарамети жетип калганда алар менен биргеликте кубануусу зарыл.

Эч убакта кыйкыруу, кыжырлануу, жемелөөнүн кереги жок. Силер кыйкыра баштаганда,  өзүңөрдүн тарбияңардын жыйынтыктарын жок кылып аласыңар, касташуу үчүн негиздер пайда болот. Элестетип көргүлөчү, силер кайсы бир ишти биринчи жолу же жакындан бери эле жасай баштадыңар дейли, анан кимдир-бирөө эле “ачкенедей асылып”, кечке эле “бол, тез” деп шаштырып, кыжырланып жана кыйкырып жатат. Силер өзүңөрдү кандай сезесиңер?

Кайсы гана бала болбосун кайсы бир максималдуулукка умтулат. Ал эми ата-энелер эреже катары аны кол бала катары көрүшөт: “Алып кел”, “Алып бер”, “Төк”, “Жап”, “Чуркап барып кел”.  Мындай шарттарда өз алдынча болуу кыйын. Балага кайсы бир учурда жана мүмкүн болушунча эртерээк бүтүн функцияларды берүүгө өтүү керек: бөлмөнүн ичин бүтүндөй тазалап чыгуу, эртең мененки тамакты даярдоо, кичүү ини-карындаштарын кароо.

Бала чечимдерди ой жүгүртүү менен кабыл алууга жана өзүнүн иш-аракеттеринин кесепеттери үчүн жооп берүүгө үйрөнүүсү үчүн эмне кылуу керек?

Биринчи кезекте биз балага анда тигил же бул кырдаалда болгон мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүүгө жана ага кандай кылуу керектигин өзү тандоого укук беришибиз керек. Ошол эле учурда аны менен иш-аракеттери алып келе турган кесепеттерди талкууласа болот.

Балада ал чечимдерди өзү кабыл ала турган жана өзүнүн иш-аракеттери үчүн өзү жооп бере турган жашоо тармагы сөзсүз болушу керек. Мисалы, ал бөлмөсүн качан тазалашты же сабак даярдоону (бирок силер аны менен белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей жасашы керек болгон акыркы убакытты сүйлөшүп алышыңар керек), үйдө кайсы кийимди кийип жүрүүнү же ойноп келүү үчүн качан чыгышты өзү чече алат. Албетте, анын тандоосу дайыма эле жакшы боло бербейт жана ал мезгил-мезгили менен ката кетирип турушу ыктымал. Мындай учурларда эмне үчүн анын аракеттеринин жолу болбой калгандыгын жана ал келечекте кандай кылышы керектигин бала менен талкуулоо зарыл. Болбосо биз дайыма эле бала үчүн чечим кабыл ала берсек, анын ката кетирүүгө болгон укуктарынан ажыратсак, ал ойлонулган чечимдерди кабыл алууну үйрөнө албайт, ал же айланадагыларга баш ийет же оюна кандай келсе ошондой кылат.

Керектүү иштерди бала менен пландоо абдан пайдалуу. Мисалы, эгерде биз: “Айдай,  кел, биз экөөбүз сабакты качан даярдай тургандыгыбызды чечишип алалы” деп сунуштап көрөлү. Ошондо бала кабыл алынган чечимди аткарууга өзү умтулат, анткени аны өзүнүкү катары сезет.

Баланы өз алдынчалыкка үйрөтүүдө күн тартибин колдоо дагы маанилүү роль ойнойт. Өзүнө күндүн бардык негизги иштерин камтыган белгилүү режимине көнүү, өзүнүн убактысын пландоону баштоо.  Эгерде күн тартиби жок болсо, анда апасына же чоң энесине баланы “уюштурууга” күчүн дайыма коротууга,  дайыма “анын үстүнөн карап” жана ал тигил же бул аракеттерди аткаруусун талап кылууга туура келет.

Көбүрөөк ишеним, көбүрөөк өз алдынчалык жана колдоо – булар баланын үй иштериндеги өз алдынчалыгын өнүктүрүүнүн татаал эмес эрежелери болуп саналат.

Бала анын жасаган иши чындап эле бирөөгө керек экендигин, пайда алып келээрин сезиши керек. Ошондо ал ишти көп жолу аткаруу менен бул ишмердүүлүктө туруктуу тажрыйбаларга ээ болот жана аны менен өз алдынча алектенүүнү каалайт.

Ата-энелер үчүн эскертме жана кеңештер

Маанайыңар начар болуп турган учурда эч убакта тарбиялоо менен алектенбегиле.

Силер баладан эмне каалай тургандыгыңарды түшүнүктүү кылып аныктап алгыла жана ага түшүндүргүлө, ошондой эле ал бул тууралуу кандай ойлой тургандыгын сурагыла.

Балага өз алдынчалыкты бергиле. Тарбиялагыла, бирок анын ар бир кадамын көзмөлгө албагыла.

Даяр чечимди айтып бербегиле, андан көрө ага карай жолду көрсөткүлө жана  мезгил-мезгили менен бала менен биргеликте анын максатка карай туура жана жалган кадамдарын териштиргиле.

Ийгиликке жете турган учурду колдон чыгарбагыла.

Өз учурунда эскертүү бергиле, кылган иштерин баалагыла, андан соң тыныгуу жасагыла, уккандарын ойлонууга мүмкүнчүлүк бергиле.

Башкысы баланын жеке сапаттарын эмес, кылган ишин баалоо.

Балага анын катачылыктарына бооруңуз ооруй тургандыгын билдириңиз, болуп өткөн нерсеге карабастан ага ишениңиз.

Тарбиялоо баскычтар менен болушу керек.

Эсиңерде болсун, эгерде:

баланы дайыма сындап турушса, ал жек көрүүнү үйрөнөт;

баланы шылдыңдаса, ал түнт болуп калат;

баланы макташса, ал ыраазычылык билдирүүнү үйрөнө баштайт;

баланы баштаган ишинде колдоп турушса, ал башкаларды түшүнүүгө үйрөнөт;

бала коопсуздукта өсүп жатса, ал адамдарга ишенүүнү үйрөнөт;

бала касташууда жашаса, ал агрессивдүү болууга үйрөнөт;

бала чынчылдыкта чоңоюп жатса, ал адилеттүү болууга үйрөнөт;

бала ишеним жана ынактык атмосферасында жашап жатса, ал адамдарга ишенүүгө үйрөнөт.

  Ата-энелер үчүн 8 насаат

1. Силердин балаңар өзүңөрдөй же силер каалагандай болот деп күтпөгүлө. Ага ал кандай болсо ошондой болуусуна жардам бер.

2. Бала бизге гана таандык деп ойлобогула, ал силердин менчигиңер эмес.

3. Балаңар үчүн жасаган нерсеге андан акы талап кылбагыла. Силер ага өмүр бердиңер, ал силерге кантип ыраазычылык билдирмек эле? Ал башкага өмүр берет, кийинкиси болсо үчүнчүсүнө өмүр берет: бул ыраазчылыктын кайта ордуна келбей турган мыйзамы.

4. Карыган кезде ачуу нан жеп калбаш үчүн баладан өзүңөрдүн таарынычыңарды чыгарбагыла, болбосо эмне сепсең ошол өнүп чыгат.

5. Баланы эч убакта басынтпагыла!

6. Эсиңерде болсун – бала үчүн бардыгы жасалбаган болсо, жетишерлик жасалган жок.

7. Башка бирөөнүн баласын жакшы көрө билгиле. Чоочун балага силердин балаңарга башкалар жасашын каалабаган нерсени эч убакта жасабагыла.

8. Балаңар кандай болсо дагы: мейли таланты жок, жолу жок, чоңойгон болсо дагы сүйгүлө.  Аны менен пикир алышканда кубангыла, анткени бала – азырынча силердин жаныңарда болуп жаткан майрам.

Leave a Reply

Your email address will not be published.