Жугуштуу оорулар

Холера. Калк үчүн эскертме

296

Холера – бул ашказан-ичегинин курч инфекциясы. Холера өтө жугуштуулугу жана ага бардык адамдар туруштук бере албастыгы менен айырмаланат. Ошондуктан ал өзгөчө кооптуу инфекциялардын категориясына киргизилген.

Жугуу жолдору

Инфекциянын булагы курчап турган чөйрөгө заң менен бирге холера вибриондорун аябагандай көп санда бөлүп чыгарып жаткан оору жуктуруп алган же ооруган адам болуп саналат. Бул микроорганизмдер сууда, көлмөлөрдү байырлагандардын (балык, рак сымалдуулар, моллюскалар) денесинде, жылуу нымдуу жерлерде узак убакытка чейин жашай алат.

Холера вибриондору төмөнкү температураларга жана тоңго чыдамкай келишет, ачык көлмөлөрдө кыштай алышат. Ошол эле учурда алардын вируленттик жана патогендүүлүк касиеттери сакталып кала берет, башкача айтканда микробдор адамда ооруну пайда кылууга жөндөмдүү болушат.

Жай айларында инфекциянын жайылуусунун негизги фактору чымындар болуп саналат, холеранын козгогучтары ичегиде 5 суткага чейин жашайт. Сууну кайнатуу вибриондорду 1 мүнөттүн ичинде өлтүрөт. Жарык, абанын таасири астында жана кургаткан учурда алар бир нече күндүн ичинде өлүмгө учурайт.

Холеранын козгогучтары кислоталарга жана хлор камтыган дезинфекциялык каражаттарга сезгич келишет.

Холера менен адамдар гана оорушат. Инфекциянын булагы – холеранын типтүү же жакшы билинбеген формасы менен ооруган жана вибрионду алып жүргөн адам. Оору адамдын оозуна холера вибриондору кирген учурда жугат.  

Жеке гигиена эрежелерин бузган, жуулбаган жашылча жана жемиштерди пайдаланган, суу түтүгүнөн же өзөндөн алынган сууну кайнатпастан ичкен адамдар оору жуктуруп алуунун жогорку тобокелчилигине дуушар болушат.

Холеранын белгилери жана симптомдору

Инкубациялык мезгил бир нече сааттан баштап 5 күнгө чейин, көп учурда 1-2 күнгө созулат.

Оорунун алгачкы белгилери капыстан башталган тез-тезден кайталанган ич өткөк түрүндө пайда болот.

Холерада заң чоң-чоң үлүштөр менен бөлүнүп чыгат, ал заңга мүнөздүү түрүн жана жытын тез жоготот; көп учурда үлпүлдөк сымал бүртүкчөлөрдү камтыйт жана күрүч кайнатмасын эске салат.

Оорунун жеңил жана орточо формаларында заңдоонун жыштыгы суткасына 3төн 15 жолуга чейин, оор түрүндө – 15тен 30га чейин жетет. Андан кийин ага көп өлчөмдөгү суюк кусунду массасын бөлүп чыгаруу менен коштолгон «ооздон атырылган» ооз толтура кусуу кошулат.

Дененин температурасы көп учурда нормалдуу же төмөн болот. Организмдин суусуздануу белгилери басымдуулук кылат:

аябай суусоо, тери жана былжыр челдердин кургашы жана борпоң тартышы, үлдүрөгөн көз караш, үндүн киркиреши, буту-колдун булчуңдарынын карышуусу.

Дарыланбаган учурда өлүм көрсөткүчү 50%дан жогору болушу мүмкүн, ошол эле учурда кээде оорулуу оору башталгандан кийин бир нече сааттын ичинде эле көз жумат.

Ашказан-ичеги тутумунун жабыркашынын белгиси байкалган ооруга чалдыккан учурда, эгерде ич өткөк, кусуу, организмдин суусуздануусу жана алсыроо орун алса – өзүн өзү дарылоо кайгылуу жыйынтыкка алып келиши мүмкүн.

Холеранын алдын алуу

– жеке гигиенанын эрежелерин сактоо (тамактанардын алдында жана дааратканадан чыкканда колду самындап жууп туруу);

– жашылча жана жемиштерди коопсуз суу менен жакшылап жуу;

– кайнатылган суу, фабрикадан чыккан суусундуктарды гана пайдалануу;

– көчөдө сатылуучу кутуга салынган тамак-аштарды пайдаланбоо;

– көлмөлөрдө уруксат берилген жерлерде гана сууга түшүү;

– көлмөгө түшүп жатканда ооз көңдөйүнө суунун кирип кетишине жол бербөө.

Медициналык жардамга эрте кайрылуу холерага натыйжалуу дарылоо жүргүзүүгө жана бул кооптуу жугуштуу оорунун жагымсыз жыйынтыгына бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк берет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.