ЖАҢЫЛЫКТАР

Баткен. Эвакуацияланган энелерге бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлөт

161

Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну Мастура Токтосун кызы Баткен шаарындагы төрөт үйүнөн качууга аргасыз болду. Ал 16-сентябрда эртең менен кооптуу аймактан Кадамжай шаарына эвакуацияланган.

Аял 16-сентябрдан 17-сентябрга караган түнү төрөгөн. Кадамжай Жалпы дарыгерлик практикалык борборунда 2,5 кг салмактагы эркек бала төрөлгөн. Дарыгерлер төрөт учуру жакшы өтүп, баланын дени сак төрөлүшү үчүн колдон келгендин баарын жасашкан.

Азыр эне менен баланын ден соолугуна коркунуч жок.
Мастур Токтосун кызы 32 жашта, бул анын бешинчи баласы. Күйөөсү жана дагы төрт баласы да Кадамжай шаарына эвакуацияланып, жакын арада үй-бүлө жолугат. Учурдагы кырдаалга байланыштуу ымыркайга ат коюла элек.


«Эң негизгиси ал төрөлүп, ден соолугу чың», – дейт Мастуранын өзү жана ал өз убагында жардам көрсөткөн медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирет.


КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин оперативдүү маалыматы боюнча, Кыргызстанга куралдуу кол салуу учурунда Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына 39 кош бойлуу жана 27 эне төрөт учурунда жаткырылган, алар аман-эсен төрөшкөн.

Бардык аялдар коопсуз аймактарга көчүрүлүп, аларга керектүү мониторинг жана медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.