COVID 19

Кыргызстанда 15-сентябрдан тарта COVID-19га каршы вакцинанын 4-дозасы менен иммундаштыруу башталды

306

Кыргызстанда 15-сентябрдан тарта COVID-19га каршы вакцинанын 4-дозасы менен иммундаштыруу башталды. Тиешелүү толуктоолор КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна киргизилди.

Документке ылайык, 4-дозаны мурда баштапкы эмдөөнүн толук курсун жана бустердик доза алган бардык каалаган жарандар алса болот.

Өзгөчө тобокелчилик тобунда турган адамдардын эмдөө алышы маанилүү, булар: улгайган адамдар, өнөкөт оорулардан жабыркаган адамдар, медициналык кызматкерлер; кош бойлуу аялдар ж.б. Алар жуктуруп алууга көбүрөөк жакын келишет жана дартты оор көтөрүшөт.

4-доза менен эмдөө биринчи бустерди (3-доза) алгандан кийин 4-6 айдан соң жүргүзүлөт. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун бардыгында, Кыргызстанда колдонууга уруксат берилген COVID-19га каршы кайсы гана болбосун вакцина менен эмделүүгө болот.

Бүгүнкү күндө өлкөдө Sinopharm жана Pfizer вакциналары жетишерлик санда бар.

Бирок эгерде сиз чет өлкөгө учууну пландап жаткан болсоңуз, эмдөө алууга шашылыңыз – Pfizer-BioNTech  компаниясынын вакцинасынын жарактуу мөөнөтү октябрдын аягында бүтөт.

Жасалган бустердик дозалар тууралуу маалыматтар vc.emed.gov.kg системасына киргизилип, кийин СOVID-19га каршы алдын алуучу эмдөөлөр тастыктамасы түзүлөт.

Грипп жана курч дем вирустук ооруларынын эпидемиологиялык күчөгөн мезгилинде өзүңөрдү жана жакындарыңарды коронавирустан коргогула. Эмдөө алыңыздар!

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.