ЖАҢЫЛЫКТАР

Баткен шаарында 2021-жылга карата пландык эмдөө 92%ды түздү.

307

Баткен областы жыл аягына чейин балдардын 98%ын профилактикалык эмдөөдөн өткөрүүнү пландоодо. Себеби дарыгерлер тарабынан түшүндүрүү иштери үймө-үй кыдырып жүргүзүлүп жаткандыктан, балдарды жана өспүрүмдөрдү профилактикалык эмдөөдөн өткөрүү иштери кызуу жүрүп жатат.

Баткен областы боюнча 18 жашка чейинки 122 159 бала каттоого алынган, анын ичинен 5 жашка чейинки балдар 13 740, ал эми бир жашка чейин 3100 бала расмий катталган. “Учурда 5 жашка чейинки балдарды эмдөө планы 92%га аткарылды. Ал эми 5 жаштан өйдөкү балдардын пайызы төмөнүрөөк, себеби ар кандай учур менен алыс кеткендер бар болгондуктан планды толуктоо бир аз кыйынчылык туудурат. Бирок ага карабай медициналык кызматкерлер колдон келишинче аракет кылууда. Ал эми бул прививкага каршы болгондор да бар, алардын басымдуу бөлүгү дин жолунда жүргөн адамдар. Биз канчалык түшүндүрүү иштерин жүргүзбөйлү, баары бир каршы болгондор четтен чыгат.

Өткөндө, бизде дайыма эмдөөгө каршы болгон бир молдонун баласы чет өлкөгө окууга өткөн экен, бирок прививкалардан убагында өтпөгөн үчүн 086- справкасы бош болуп калган, ансыз азыр бир да окууга кете албайт, бул нерсе менен баланын келечегине таасирин тийгизип койду, балким ал жигит ошол окуудан күчтүү кадр болуп чыкмак, тилекке каршы атасы баласынын келечегине тоскоолдук жаратты. Ошол себептүү айрым ата-энелерге айтат элем, балдардын келечегине тоскоолдук жаратпай болушунча шарт түзүп бергиле”- деп айтты Баткен шаарынын жалпы дарыгердик практикалык борборунун иммунолог дарыгери Абдуллаева Инабат. Эскерте кетсек, профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына ылайык, Кыргыз Республикасынын бардык жарандары эмдөөнү толугу менен акысыз алууга укуктуу.

Leave a Reply

Your email address will not be published.