Алдын алуу

РДЧжМК борбору Европа биримдигинин долбоорлорунун фестивалына катышты

731

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору CADAP 7 долбоорунун алкагында Европа биримдигинин долбоорлорунун фестивалынын ишине катышты.

 27-майда Бишкектеги Ынтымак паркында Евробиримдиктин демилгелеринин ачык көргөзмөсү – биринчи эркин Europe Summer Fest Bishkek болуп өттү.

РДЧжМК борбору психоактивдүү заттарды колдонуунун алдын алуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

САДАП атту польшалык өнөктөштөр жана РДЧжМК борборунун «Бири-бирине жакын – баңгизаттан алыс» аттуу бул биргелешкен долбоору фестивалдын конокторунда чоң кызыгууну жаратты.

 Бул багытта кесиптик лицейлер жана мектептер кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Баңги заттардан бирдикте, алысыраак программасы Борбордук Азиядагы баңгичиликтин алдын алуу программасынын (CADAP 7) 7-фазасынын алкагында иштелип чыккан. Бул европалык жана кыргызстандык эксперттердин биргелешкен иши.

Leave a Reply

Your email address will not be published.