Жугуштуу эмес оорулардын а-алуу

БИЛИМ — КҮЧ: РАК МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ КҮРӨШӨБҮЗ

5

Үзгүлтүксүз алдын ала текшерүүлөр өмүрдү узартат

Онкологиялык оорулар (рак) — бул организмде залалдуу шишиктерди пайда кылуучу оорулардын тобу.

Алар акырындап өнүгөт жана эрте баскычтарда көп учурда айкын симптомдорго ээ эмес.

Онкологиялык оорулардын негизги коркунучу алардын кеч аныктала тургандыгында жатат.
Оору эрте баскычта аныкталган учурда эффективдүү дарылоого жана толук айыгып кетүүгө мүмкүн болот.

Урук чыктагыч бездин рагы

Урук чыктагыч бездин рагыулуу курактагы эркектер арасында өтө көп жайылган онкологиялык оорулардын бири.

Оору акырындап өнүгөт жана эрте баскычтарында симптомдорсуз өтөт.

Мүмкүн болгон эрте өзгөрүүлөр:
• өзгөчө түнкүсүн тез-тезден заара ушатуу
• зааранын начар чыгуусу
• табарсыктын толук бошобогондой сезимдин болушу

Эрте аныктоо айкын симптомдор пайда болгонго чейин ооруну аныктоого багытталган. Негизги ыкмаларга урологго алдын ала текшерилүү, простат-спецификалык антигенге (ПСА) кандын анализи, ошондой эле дарыгердин көрсөтмөлөрү боюнча кошумча текшерилүүлөр кирет.

50 жаштан жогорку курактагы эркектерге жылына бир жолудан кем эмес алдын ала текшерүүдөн өтүү сунушталат.

Сергек жашоо мүнөзүн алып жүрүү, жетишерлик физикалык активдүүлүк жана рационалдуу тамактануу оорунун өнүгүү тобокелчилигин азайтууга өбөлгө түзөт. 

Жатын моюнчасынын рагы

Жатын моюнчасынын рагы — акырындап өнүгүүчү жана узак убакыттар бою даттанууларды пайда кылбашы мүмкүн болгон залалдуу оору.

Мүмкүн болгон эрте белгилери:
• адаттан тышкары суюктуктар
• айыздан тышкары келген кан аралаш суюктуктар
• жыныстык катнаш учурундагы кан аралаш суюктуктар
• ичтин төмөн жагындагы ыңгайсыздык

Жатын моюнчасынын рагын эрте аныктоо дарылоо абдан натыйжалуу болгон эң эле эрте баскычтардагы өзгөрүүлөрдү аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Гинекологго үзгүлтүксүз текшерилүү, цитологиялык сүртүндүгө (ПАП-тест) анализ жасоо жана адамдын папиллома вирусуна (АПВ) тестирлөө маанилүү роль ойнойт.

Ооруга чалдыгуу тобокелчилигин азайтууга ошондой эле АПВга каршы өз учурунда эмдөө алуу дагы өбөлгө түзөт.

Ашказандын рагы

Ашказандын рагы — ашказандын былжыр челинин залалдуу оорусу.

Эрте баскычтарда оору симптомдорсуз өтүшү же болбосо азыраак жана өзгөчөлөнбөгөн белгилер аркылуу көрүнүшү мүмкүн.

Төмөнкүлөргө көңүл буруу керек:
• тамакка болгон табиттин начарлашы
• тамактангандан кийин ашказанда оордуктун сезилиши
• тез эле тоюп калуу
• зарына болуу, кекирүү
• жалпы алсыроо

Эрте аныктоо ашказандын былжыр челиндеги өзгөрүүлөрдү өз учурунда аныктоого жана татаалдашуулардын алдын алууга багытталган.

Ашказандын гастрити,  жара оорусун жана анын ичинде Helicobacter pylori инфекциясына байланышкан башка ооруларды өз учурунда дарылоо, ошондой эле дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болуп туруу маанилүү роль ойнойт.

Рационалдуу тамактануу принциптерин сактоо, тамеки чегүү жана алкоголь ичүүдөн баш тартуу ашказан ооруларынын өнүгүү тобокелчилигин азайтууга өбөлгө түзөт.

Дарыгердин сунушу боюнча гастроскопия жүргүзүлөт.

Өпкөнүн рагы

Өпкөнүн рагы — дем алуу системасынын көбүнчө курчап турган чөйрөнүн зыяндуу факторлорунун таасир этүүсүнө байланышкан залалдуу оорусу.

Оору эрте баскычтарда айкын симптомдорго ээ болбошу мүмкүн.

Мүмкүн болгон эрте себептери:
• узакка созулган жөтөл
• көнүмүш кара күч эмгегинде энтигүү
• ашыкча чарчоо
• дем алуу жолдорунун тез-тезден ооруга чалдыгуусу

Өпкө рагын эрте аныктоо ооруну дарылоо кыйла натыйжалуу болгон эрте баскычтарда аныктоого мүмкүнчүлүк берет. 

Үзгүлтүксүз алдын алуучу текшерүүлөр, анын ичинде флюорография орчундуу мааниге ээ.

Тамеки чегүүдөн толук баш тартуу, зыяндуу заттар менен иштеген учурда эмгекти коргоо чараларын аткаруу жана үч жумадан ашуун убакытка созулган жөтөлдө дарыгерге өз учурунда кайрылуу оорунун өнүгүү тобокелчилигин азайтууга жардам берет.

Эске тутуу зарыл

• үзгүлтүксүз алдын алуучу текшерүүлөр ракты өз учуруда аныктоого жардам берет
• сергек жашоо мүнөзү алардын өнүгүү тобокелчилигин азайтат
• эрте аныктоо өмүрдү сактап калат

Оорутпаса, ал оорунун жоктугун билдирбейт.

БИЛИМ — КҮЧ: РАК МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ КҮРӨШӨБҮЗ

Leave a Reply

Your email address will not be published.