05.01.2021 Temirlan
2018-жылдын 16-январынан тартып, Бишкек шаарындагы бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮБМБ) «Чылым чегесизби? Өпкөңүздү текшертиңиз!» аталышындагы акция өтөт. Анда спирометрия аркылуу, өзгөчө чылым чеккен адамдардын арасында өпкө ооруларын алгачкы баскычында аныктоого жана аны дарылоого мүмкүнчүлүк бар. Бул иш-чара Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен Кыргыз Торакалдык уюму тарабынан, өпкө- ооруларын алдын алуу максатында жүргүзүлмөкчү.
Аталган акция Бишкек шаарындагы бардык ҮБМБ график боюнча дүйшөмбү-жума күндөрүндө саат 9.00 дан 17.00гө чейин жана ишемби күндөрү саат 9.00 дан 14.00гө чейин өткөрүлөт.
Күндөр | ҮБМБ |
16.01 – 27.01 | 8 |
22.01 -31.01 | 4, 9 |
29.01 -07.02 | 12 |
01.02 – 10.02 | 11, 18 |
08.02 – 17.02 | 14 |
12.02 – 21.02 | 6,19 |
19.02 – 28.02 | 1 |
22.02 – 03.03 | 5,3 |
01.03 – 10.03 | 2 |
05.03 – 14.03 | 7,10 |
12.03 – 21.03 | 13 |
15.03 – 24.03 | 15,16 |
22.03 -31.03 | 17 |
26.03 – 04.03 | Медико –кеңеш берме жана спорттук медициналык борбору, студенттик эмкана |
Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР