ЖАҢЫЛЫКТАР

Республика боюнча пландык эмдөө өз нугунда жүрүүдө

136

Республикалык эмдөө борбору жыл соңуна чейин пландык иш чаралардын 90 пайыздан көбүн ишке ашырууга белсенүүдө. Бул боюнча мекеменин директору Гүлбара Ишенапысова билдирүүдө. Анын айтымында өлкөдөгү эпидемиологиялык абал турукташканына карабай бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда тиешелүү санитардык нормаларды сактоо жолу менен эмдөө иштери кызуу жүрүүдө.

Гүлбара Ишенапысова: “Республикалык эмдөө борбору тарабынан үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жашыл коридорлор уюштурулган. Эмдөөгө келгендердин дене табы аралыктан өлчөнүп, колдору антисептик менен тазаланган соң эмдөө бөлмөсүнө кое берилүүдө. Муну менен бирге эмдөөгө чейин жана эмдөөдөн кийин ар бир баланын саламаттыгына дыкат медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат”, – дейт Республикалык эмдөө борборунун директору.

Кыргызстанда эмдөө иштери календардык планга жараша акысыз жүргүзүлүп келет. Эгер өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу өзүңүзгө же чүрпөңүзгө эмдөө жасалбай калса, жашаган дарегиңиз боюнча үй-бүлөлүк медицина борборуна алдын ала жазылган соң кайрылсаңыз болот. Анткени медициналык мекемелерде социалдык аралык сакталышы талап.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.