ЖАҢЫЛЫКТАР

Менингит: Cимптомдору, кесепеттери жана алдын алуу

449

Менингит – бул баш жана жүлүн мээсинин кабыкчаларынын сезгенүүдөн жабыркоосу. Менингит олуттуу оруу жана ал өзүнүн татаалдануулары менен адамга коркунуч туудурат. Инфекциялык оорулардан каза болгондордун көрсөткүчү боюнча менингит дүйнө жүзүндө 10-орунду ээлейт.

Менингит кандай болушу мүмкүн?

Менингит баштапкы жана кайталанган деп бөлүнөт. Эгерде ооруну жуктуруп алганда дароо мээнин кабыкчалары жабыркаса, анда биринчи менингит өрчүйт (дароо баш мээнин жабыркайт). Кайталанган менингитте негизги оорунун көрүнүшүндө (кулак түп бездин сезгениши, кулак сезгенүүсү ж.б.) жугуштуу илдет мээнин кабыкчаларын дагы жабыркатуу менен тарайт. Менингит бардык учурда курч өтөт (оору бир нече күндө өөрчүп кетет) көп учурда оор өтөт. Кургак учук менингити оорусунда гана  бир канча жума же ай ичинде жай өтөт.

Баштапкы менингиттин пайда болуу себептери кандай?

Бактериялар. Менингиттин башкы себеби менингококк инфекциялык болуп эсептелет. Менингококк жугуштуу илдетин алып жүрүүчүлөр ооруунун жуктуруучу булагы (кулак мурундун сезгениши, ичеги -карын жугуштуу илдети) болушат. Талапка ылайык бул жугуштуу илдет аба – акрылуу жугат. Көп учурда менингококк инфекциялары шаар тургундары арасында көп кездешет. (жылдын суук мезгилиндеги коомдук транспорттордогу тыгылыш) Балдар арасында менингококк жугуштуу илдети тез өөрчүйт.

Вирустар. Вирустук менингит –менингиттин башка себеби вирустук инфекция болушу мүмкүн. Менингит көбүнчө энтовирустук инфекциялардын көрүнүшүндө өөрчүйт, бирок герпес (суу чечек) кызамык, кызылча, сакоо ооруларынын негизинде да өрчүшү мүмкүн

Кайталанган менингиттин пайда болуу себептери кандай?

Кайталанган менигиттин пайда болуусунун негизги себептери:

  •  Теринин жана бет же моюн клеткаларынын ириӊдүү сезгенүүсү
  • Кулактын сезгенүү оорулары (сөөк тканынын өнөкөт сезгенүүсү, чыкыйдын үрп сымал өсүндүсүнүн сезгениши ж.б)
  • Мурун көӊдөйүнүн жана көбөлдүн оорулары (мурундун сезгениши, көбүл сезгениши) 
  • Тамак менен ооз көӊдөйүнүн ириӊдеп өөрчүшкөн оорулары ( тиштин эмалынын бузулушу, тонзиллит, ж.б. )
  • Баш сөөк кулгунасы
  • Өпкөнүн ириӊдөөсү

Бул ооруларды туура эмес дарыласа инфекция мээнин кабыкчаларына тарап, менингитти пайда кылат. 

Адатта менингит катуу башталат. Алгачкы белгилери катуу суук тийгендей: дене табы жогорулашы 40 Сга чейин жогорулайт, чыйрыгуу, булчуӊ жана сөөктөрдүн оорушу, алсыздык

Негизги белгилери:

1. Баш оору. Бул менингит оорусунун негизги белгиси болуп эсептелет,бирок дарт белгилеридеги айырмачылыктар бар:

  • баштын үзгүлтүксүз оорушу;
  • баш сөөктүн ичинде түртүп жаткандай сезимдер болот;
  • өйдө-ылдый болгондо жана оӊго-солго кайрылганда оорунун дарт белгилери күчөйт;
  • өтө жарыктан, катуу үндөрдөн менингит учурунда баш оору күчөйт.

2.  Кежигенин булчуӊдары чыӊалат. Бул жерде сөз калтыроо тырышуу белгилер жөнүндө болгон жок, адам чалкасынан жата албайт, ал сөзсүз башын артка жылдырат, андай кылбаса аябай ооруйт.

3. Тамак сиӊирүүнүн бузулушу. Бул мээнин кабыкчаларынын сезгенүүсүнүн бирден бир себеби болуп эсептелет жүрөгү айланып кускусу келет.Көӊүл бургула: бейтап тамак ичпесе дагы куса берет, кусканы узак убакытка кайталанат

4. Гипертермия. Менингитте дене табынын жогорулашы чыйрыгуу, шалдыроо жана аябай тердөө менен коштолот.

5.Жарыктан коркуу.  Баш мээнин сезгенүүсү күчөшү менен бейтап жарыкты карай албайт, себеби ал башты өтө катуу оорутат.   

6.Акыл –эстин бузулушу. Сөз бейтаптын акыл-эси төмөндөп, алсыз болуп, суроолорго араӊ жооп бериши, кайсы бир убакта суроолорго эч кандай жооп кайтарбай калары жөнүндө болуп жатат.

7. Психикалык жактан жабыркоо. Адамдын көзүнө кандайдыр бир нерсе көрүнүп, көӊүлү чөгүп же агрессиялуу болот.

8. Калтыроо белгилери. Бейтаптын өйдө буту-колу калтырап жыйынтыгында заарасын кармай албай ушатат.

9. Чалыр. Сезгенүүнүн күчөшү менен көздөгү нервдер жабыркап, бейтаптын чалыр болгону ачык байкалат.

10. Булчуӊ оорулары.  

Менингит оорусу менен оругандын кесепетинен эпилепция, кереӊ, шал, шалтурук, мээнин айланасына суу толуу жана гормоналдык функциянын бузулушу. Менингокок инфекциясы негизи бардык органды жабыркатышы мүмкүн, организмдин иштөө системасын да бузат. Ошондуктан бул оорудан кийин организмди калыбына келтирүүгө көп убакыт жумшалат, кээ бир учурда же өмүр бою алпурушат.  

Балдар жана чоӊдор арасында менингитти алдын алуу

Балдар жана чоӊдор арасындагы менингит оорусун  алы алуунун натыйжалуу ыкмасы оору козгогучтарга каршы эмдөөлөр. Кайталанган менингитти алдын алуу жолу өз учурунда туура дарылануу.

Андан тышкары:

  • Беттеги, моюндагы чоӊ безеткилерди жана чыйканды сыгып же тытканга таптакыр болбойт.
  • Кобул сезгеничи, кулак сезгенүү менен ооруганда дароо дарыгерге кайрылып, анын көзөмөлүндө дарылануу керек.
  • Үй-бүлөлүк дарыгериӊизден бейтапканада эмдөө качан болорун тактап сурап алыӊыз
  • Менингит оорусунда өзүн-өзү дарылоого жол берилбейт!!!

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.