ДЕН СООЛУК

Бишкекте Медицина кызматкеринин күнүнө арналган салттуу республикалык турнир болуп өттү

962

2025-жылдын 29-июнунда саламаттык сактоо уюмдарынын арасында Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкеринин күнүнө арналган республикалык турнир уюштурулду.

Мини-футбол жана волейбол боюнча мелдештер И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын спорттук аянтчаларында өткөрүлдү. Турнирге Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Талас, Нарын областтарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген, ошондой эле милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мини-футбол боюнча эркектер командалары жана волейбол боюнча аялдар командалары катышты.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр кубок, медаль жана грамоталар менен сыйланышты.

Иш-чара КР Саламаттык сактоо министрлиги, КР Саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитети менен биргеликте уюштурулду.

Өткөн жылы турнир Ысык-Көл көлүнүн жээгинде өткөн жана катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыктуу болгон. Ушул жылы спорттук окуя кайрадан бүт өлкөнүн медицина кызматкерлерин – бул жолу борбор калаада бириктирди.

Турнир ден соолук кыймыл-аракеттен башталаары, ал эми командалык кайрат – спорттун эле эмес, ошондой эле саламаттык сактоо системасынын ажырагыс бөлүгү экендиги тууралуу көрүнүктүү эскертүү болду. Ал ошондой эле сергек жашоо мүнөзүн илгерилетүү, профсоюздук кыймылды популярдуу кылуу жана Кыргызстанда футзал жана волейболду өнүктүрүү үчүн аянтча дагы болуп калды.

Leave a Reply

Your email address will not be published.