Жугуштуу эмес оорулардын а-алуу

Бишкекте уникалдуу кулинардык иш-чара өттү

433

Бүгүн, 2023-жылдын 2-ноябрында, тузду ашыкча колдонуунун тобокелдиктери тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана сергек жашоого үндөө демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско, БУУнун Кыргызстандагы башка агенттиктеринин өкүлдөрү менен бирге «Зерно» ресторанынын атактуу ашпозчусу жана жергиликтүү журналисттер менен бирге уникалдуу кулинардык иш-чарага катышты.

«Зерно» ресторанында өткөн иш-чара конокторго тузу аз кулинардык искусство дүйнөсүнө эшик ачты. Атактуу ашпозчу тузу аз кошулган даамдуу тамактардын бай даамын сактап калуу сырлары менен бөлүштү.

Тузду көп колдонуу саламаттык сактоо тармагынын глобалдык көйгөйү, Кыргызстанда да бул маселе актуалдуу.

Кыргызстанда оорулардын жана өлүмдөрдүн 80%дан ашыгы рак, өнөкөт респиратордук оорулар жана жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары сыяктуу жугуштуу эмес оорулардан болот. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүшүнө шарт түзгөн негизги фактор – аш тузун көп колдонуу.

«Биз тамактануу адаттарыбызды өзгөртүү аркылуу жашообуздун сапатын жана ден соолугубузду жакшырта аларыбызды түшүнүшүбүз керек. Келгиле, даамдуу жана пайдалуу заттарга бай туура тамактануунун пайдасына туура тандоо жасап, өзүбүзгө жана жакындарыбызга кам көрөлү», – деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева.

Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор күнүмдүк тамактануу рационунда тузду колдонууну азайтуунун маанилүүлүгү боюнча өз ойлорун айтышып, тамак жасоонун креативдүү ыкмалары, чөптөрдү жана татымалдарды колдонуу кандайча тамактарга тереңдик жана даамдык байлык кошуп жатканын көрүштү.

«Бүгүн биз кадимки азыктарды колдонуу менен тамак-ашыбызды кантип тузсуз кылууну көрсөттүк. Тузду азайтуу даамды жоготуу дегенди билдирбейт, тескерисинче, ден соолукту сактоого жана туздан арылууга жардам берет», – дейт доктор Ливиу Ведраско.

Бул иш-чара 30-октябрдан 6-ноябрга чейин Кыргызстанда туз колдонууну азайтуу боюнча КР Саламаттык сактоо министрлиги жана анын өнөктөштөрү тарабынан кеңири маалыматтык кампаниянын бир бөлүгү болду.

Leave a Reply

Your email address will not be published.