COVID 19

Кыргызстандыктар кызамык, кызылча, эпидемиялык паротит, COVID-19 жана гепатитке каршы антителолорду бекер текшере алышат

373

Кыргызстандын жашоочулары вакцина менен башкарылуучу жана башка актуалдуу инфекцияларга каршы иммунитетин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Роспотребнадзордун биргелешкен илимий долбооруна катышуу менен акысыз текшере алышат.

Азыркы учурда Кыргызстанда, башка көптөгөн өлкөлөрдөгүдөй эле, атайын алдын алуу жүргүзүлгөнүнө карабастан, вакцина менен башкарылуучу инфекциялар менен ооруган учурлар көбөйдү.

Буга байланыштуу саламаттыкты сактоо министринин  27.10.2023-ж. №1273 буйругу менен Улуттук коомдук саламаттык сактоо институтунун базасында вакцина менен башкарылуучу жана башка актуалдуу инфекцияларга калктын популяциялык иммунитетин баалоо максатында Кыргызстандын тургундарын кызамык, кызылча, паротит, SARS-CoV-2 вирусуна, А, В, С, В, Е вирустук гепатиттерине 13.11.2023-жылдан 25.11.2023-жылга чейин акысыз тестирлөөдөн өткөрөт.

Популяциялык иммунитеттин абалы жөнүндө маалымат санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды, анын ичинде айрым региондогу, ошондой эле жалпы республика боюнча калкты инфекцияларга каршы эмдөөнү пландаштыруу үчүн зарыл.

Тизмедеги инфекцияларга каршы антителолорду изилдөө жыйынтыгы ар бир катышуучу ыктыярчыга берилет.

Изилдөөгө катышуу үчүн анкетадан өтүү керек:

https://pasteurclinic-anketa.ru/all_antitela.php?reg_id=102

Leave a Reply

Your email address will not be published.