Алдын алуу

Бронхиалдык астма менен ооруган бейтаптар дарыларды 90% жеңилдетилген баада ала алышат

314

Бронхиалдык астма менен ооруган бейтаптар дарыларды 90% жеңилдетилген баада ала алышат, анткени мамлекет тарабынан каралган жеңилдиктерди пайдалануучу категорияларга киришет.

Үй-бүлөлүк дарыгерде каттоодо турган бейтаптар маалымдамага кирген дарыларды сальбутамолдун, беклометазондун ингаляторлорун, преднизолондун таблеткаларын 90% жеңилдиктер менен ала алышат.

Бейтап камсыздандырылган жаран болсо, камсыздандыруу кошумча программасынын алкагында маалымдамага кирген дарыларды 50% жеңилдетилген баада дарыканалардан ала алышат.

Дарыларды женилдетилген баалар менен алыш үчүн эң негизги шарт, бейтаптар өздөрүнүн аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерге каттоого турушу зарыл жана үй-бүлөлүк дарыгер тарабынан электрондук рецептер болушу керек.

Бронхиалдык астма менен ооруган ооруларга акысыз базалык пакеттен тышкары кошумча лабораториялык изилдөөлөр;
калыбына келтирүүчү жана физиотерапиялык жардамдар;
күндүзгү бөлүмдөрдө процедуралар, манипуляциялар;
амбулатордук-диагностикалык бөлүмдөрдө лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр акысыз жүргүзүлөт.

Суроолор болуп калган учурда ыкчам байланыш 113 телефонуна чалсаныздар болот.

Categories: Алдын алуу

Leave a Reply

Your email address will not be published.