Жугуштуу оорулар

Эмдөөгө каршы болгон жети ата-эне-семинардан кийин балдарын эмдетүүгө барышты

1087

2023-жылдын 17-ноябрында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору, №9-ҮМБ жана Кыргызстан кызыл ай коому менен биргеликте Арча-Бешик конушундагы №97 жалпы билим берүү орто мектебинде иш-чара өткөрдү.

Иш-чара, мектеп окуучуларынын ден соолугуна эрте кам көрүү, жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу максатын көздөйт. 

Анын ичинде мектепте 9-10-11-класстын окуучуларына, тамеки жана электрондук тамеки чегүүнүн зыяндуулугу, кыздарга папиллома вирусуна каршы вакцинасынын маанилүүлүгү тууралуу, медицина кызматкерлери тарабынан маалыматтар берилди.

Андан сырткары башталгыч класстардын ата-энелери, балдары менен биргеликте кызамык, кызылча ооруларын алдын алуу боюнча вакцинанын мааниси тууралуу толук маалымат алышты. Бул маалыматтардан кийин эмдөөдөн баш тарткан жети ата-эне балдарын эмдөөдөн өткөрүштү.

Бул саамалык, Кыргызстан кызыл ай коомунун техникалык колдоосу менен  атайын балдарга арналган оюн-зоок менен коштолуп, жыйынтыгында таттуулар таратылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published.