Бруцеллез оорулары

Бруцеллёз жана андан сактануу жолдлору

4204

Бруцеллез жаныбарлардын жана адамдын нерв, жүрөк-кан тамыр системасын жана сөөк-муундарын жабыркатуучу жугуштуу оору.

Жугуу жолдору

Мал бала салганда, туут учурунда, мал союлганда, малдын жүнүн кыркуу мезгилинде, жүн терисин иштетүүдө өтө этият болуу керек.
Оорулуу мал бала салганда, туут учурунда көптөгөн бруцеллез деп аталган ооруунун козгогучтары бөлүнүп чыгат. Бул учурда мал турган жер жугуштуу болот. Козгогучу жер кыртышында, жүндө, териде, сүттө жана сүттөн даярдалган азыктарда бир нече айга чейин сакталат. Бруцеллёз менен кой, эчки, бодо малдар, бугу, айрым учурларда ит, үй канаттуулары, кемирүүчүлөрдүн кээ бир түрлөрү (чычкан) ооруйт. Оорунун козгогучу туут мезгилинде жатындын суюктугу, чарайнасы, малдын сүтү, заарасы, заңы жана башка менен сыртка бөлүнүп чыгып, жер-сууну булгайт. Бруцеллёз менен ооруган мал көпчүлүк учурда өлүү тууйт.
Кишиге дарттын козгогучу негизинен булганган же чийки сүттү ичкенде жана андан даярдалган тамак-ашты (сыр, май, быштак жана башка), чала бышырылган этти жегенде, ылаңдуу малды бакканда, аларды туудурганда, колдун терисиндеги майда жараат, кесиктер аркылуу, ошондой эле булганган аба менен дем алганда жугушу мүмкүн. Бруцеллёз мал чарбасында иштегендерде (койчу, уйчу, саанчы, зоотехник, ветеринариялык кызматкерлер), малдан алынган азыктарды чыгаруучу жана тери жүн иштетүүчү өнөр жайларда иштеген жумушчуларда көп кездешет.

Оорунун алдын алуу

Бруцеллёздун алдын алуу үчүн ылаңдуу малды өз убагында таап, аны соо малдан бөлүү же союп жок кылуу керек, терисин 2 ай туздоо, жүнүн бромдуу метилге чылоо сунуш кылынат. Бруцеллёз чыккан чарбаларда санитариялык, зооветеринариялык эрежелерди туура сактоо, дезинфекция жүргүзүү, мал төлдөгөн короо-жайларда малдын чарайнасы, чөбү менен булганган кыкты, төшөлмөлөрүн өрттөө керек.

Мал чарбасында, жаныбар сырьёлорун иштетүүчү өнөр жай ишканаларында (эт, сүт комбинаты, жүн, тери иштетүүчү ишкана жана башка) иштегендерди жыл сайын медициналык атайын кароодон өткөзүп, аларды алдын ала ооруга каршы эмдеп туруу;

атайын кийимдер (резина өтүк, резина кол кап, комбинезон, атайын халат), өздүк гигиеналык каражаттар (сүлгү, самын, кол жуугучтар, жугушсуздандыруучу химиялык заттар жана башка) менен камсыздандыруу;

өздүк жана коомдук гигиеналык эрежелерди туура сактоо, иштен кийин жана тамактануунун алдында, өзгөчө колду самындап таза жууп туруу керек.

Мындай жерде өспүрүмдөр, кош бойлуу аялдар иштөөгө болбойт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.