Жугуштуу оорулар

Кене энцефалиты жөнүндө эмне билесиз?

903

Кене энцефалити – борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч кармаган жугуштуу вирустук оору.

Вирус адамга  кене чакканда жугат, анткени ал оорунун вирусун алып жүрүүчүсү болуп саналат.

Кене энцефалитин кантип жуктуруп алышыбыз мүмкүн?

— жаратылышка эс ас алууга чыкканда;

— кене жабыштырып алган жаныбарлар (ит-мышыктар) аркылуу;

 — вирустук кене энцефалити боюнча кооптуу аймактарда  эчки, кой, уйдун чийки сүтүн пайдаланууда;

— кенени  өлтүргөндө же ал чагып алган жерди тырмаган учурда.

Жаз келгенден баштап күз мезгилине чейин адамдар үчүн ооруга чалдыгуу коркунучу сакталат. Анткени бул мезгилде кенелер активдүү болот.

Инкубациялык мезгили көп учурда 7-14 күн, кээде 1 күндөн 60 күнгө чейин созулат.

Кыргызстанда вирустук кене энцефалитинин табигый байырлаган жерлери бардык климаттык аймактарда аныкталган.

Өзгөчө Чоң-Кеминдеги карагайлуу жерлери, Күнгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо Кыргыз тоо кыркалары өзгөчө кооптуу. Андан сырткары жарым-жартылай ээн талаадагы очоктордун 17ге жакын түрү кеңири кулач жайган. Бул Токмок коругунун аймагындагы, Чүй районундагы Кегети капчыгайы, Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайы, Ысык-Ата районундагы Альп лагер, Түп өрөөнү, Ысык-Көл райондору, Талас өрөөнүндөгү жана Ферганага жакын жайгашкан аймактарда, борбордук Тянь-Шандын Нарын дарыясынын жайылмасындагы уюктар.

Оорунун негизги белгилерине төмөнкүлөр кирет:

— оору катуу башталат,  дененин температурасы 38-40°С чыгат;

— интоксикация симптомдору, тагыраак айтканда, катуу алсыздык, чарчоо, уйкунун бузулушу байкалат;

— чыдатпай баш ооруйт;

— жүрөк айланат, бейтап кусат;

 — беттин, моюндун, тулку бой кызарып чыгат;

 — колу-буттун  кыймылдары бузулат;

 — жүрөк-кан тамыр жана ичеги карын системаларынын иштөөсү бузулат;

— вирус жуктуруп алган адам аң-сезимин жоготот.

Оору ден соолуктун кескин начарлашына, майыптыкка же өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн.

Кене энцефалитинен кантип коргонуу зарыл?

Кене энцефалити менен ооруп калбаш үчүн өзгөчө жана жөнөкөй профилактикалык эрежелерди сактоо сунушталат.

Оорунун алдын алуунун жөнөкөй чаралары: кийимдин жака жана жеңи аркылуу кенелердин кирип кетүүсүнө бөгөт коюуу болуп саналат. Жаратылышка эс алууга чыкканда ыңгайлаштырылган кийимдерди кийүү сунушталат.

Көйнөктүн жеңдери узун болуп, аны билекке резинка менен бекитип, көйнөктү шымга шымдап, шымдын багалегин байпакка киргизүү керек. Баш жана моюнду жоолук менен жаап койуу сунушталат. Кенелерден коргонуу үчүн чочутуучу каражаттарды (репелленттерди) дененин ачык бөлүктөрүнө колдонуп жана кийимге чачуу керек. 

Каражаттарды колдоноор алдында нускамасы менен таанышуу зарыл. Андан сырткары чийки сүт азыктарын кайнаткандан кийин гана ичүү сунушталат. Ошондой эле андан даярдалган быштак, каймак ж.б. азыктар дагы кооптуу боло тургандыгын белгилей кетүү керек.

Оорунун өзгөчө алдын алуу чаралары — эмдөө болуп саналат. Вирустук кене энцефалитине каршы эмдөө эндемикалуу очоктордо иштеген айрым кесип ээлерине же ал жерлерге баруучуларга (иш-сапарына аттангандар, геологдор, туристтер ж.б.) жасалат.

Кене вирустук энцефалиттин кооптуу аймактарында болсоңуз жана кене чакса, эмне кылуу керек жана кайда кайрылуу керек?

Өз убагында  медициналык кызматкерлерге  кайрылып, 72 сааттын ичинде  вирустук кене энцефалитине  каршы адамдын иммуноглобулинин (вакцина) алуу зарыл.

Кенени алып салууда төмөнкү эрежелерди сактоо керек:

— кенени пинцет же таза дакиге оролгон манжалар менен кармап,  чаккан жерине так перпендикуляр кылып кармап, кененин денесин огунун тегерегине айлантып, териден акырын чыгаруу керек.

— чаккан жерди ар кандай каражаттар менен дезинфекциялоо (70% спирт, 5% йод) шарт;

— кенени алып салгандан кийин колду самын менен жакшылап жуу сунушталат;

Алынган кенени изилдөө үчүн КР Саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине же мекеменин аймактык борборлоруна жеткирүү керек.

1 reply »

Leave a Reply

Your email address will not be published.