ЖАҢЫЛЫКТАР

Чүй областындагы мобилдик клиникадан 9971 адам текшерүүдөн өттү

173

2019-жылдын апрель айынан август айына чейин Чүй областынын
мобилдик клиникасы Ысык-Ата районунун 12 айылын жана Токмок шаарын, Жайыл (Суусамыр, Кызыл-Ой, Кожомкул, Первое мая, Тунук, Чомой, Батыр, Токойлуу), Кемин (Кемин ш., Жел-Арык, Кичи-Кемин, Илич, Шабдан, Бейшеке, Чым-Коргон, Орловка) райондорунун калктуу пункттарын кароодон өткөрдү.
Бул мезгил ичинде дарыгерлер 9971 адамды текшеришти, алардын
ичинен:
● 6381 аял;
● 1947 эркек;
● 14 жашка чейинки 1643 бала.
АИВге – 698, кантка – 290 адам тестирлөөдөн өттү, УҮИге – 1638 адам
түшүп, жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекцияларга – 570 адам
тестирлөөдөн өттү.

Андан аркы текшерүүгө жана дарылоого жөнөтүлдү:
● 22 адам Улуттук онкология борборуна;
● 1 адам Чүй областтык бириктирилген ооруканасына (ЧОБО);
● 1 адам ЧОБОнун хирургиясына;
● 20 адам Чүй областынын аймактык ооруканаларына.
Эске салсак, республикада Чүй, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад
областтарында автоунаадагы 4 мобилдик клиника жана улуттук госпиталдын базасындагы көчмө медициналык борбор иштейт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине
караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун маалымат кызматы

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.