Тамеки

БАЛДАРГА ЖАНА КОШ БОЙЛУУ АЙЫМДАРГА ТАМЕКИ ЧЕГҮҮНҮН ТААСИРИ

448

Пассивдүү тамеки чегүү балдардын ден соолугуна көбүрөөк терс таасирин тийгизет, анткени алардын дем алуу ылдамдыгы жогору, ал эми организми жаңы гана өнүгүп келе жатат. Балдар тамекини колдонууда пайда болгон никотинден жана уулардан табигый коргонуу механизмдерине ээ эмес, ошондуктан уулуу заттар баланын организминде узакка чейин сакталат.

Таза абада жүргөн учурларда дагы балдардын жанында тамеки тартууга болбойт. Мындай учурда өзгөчө ымыркайлардын жана жаш балдардын ден соолугуна кооптуулук жаралат. Мисал үчүн, коляскада жаткан баласы менен сейилдеп жүргөн ата-энелер тамеки тарткан учурларды келтирсек болот.

Ымыркайлардан тышкары, төрөлө элек балдар да коркунучта, анткени тамеки түтүнүнүн таасири бала эненин курсагында жатканда эле башталат.

КЫЙЫР ТАМЕКИ ЧЕКҮҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ: *Боюнан түшүү жана эмбриондун өнүгүүсүндөгү кемчиликтердин пайда болушу; *Мөөнөтүнөн эрте төрөлүү ыктымалдуулугу; *Баланын салмагынын аз болуп калышы; *Ымыркайлардын капыстан өлүмү синдромуна кабылуу коркунучу жогорулайт; *Баланын психикалык өнүгүүсүнүн басаңдашы; *Бала менингит, кулак инфекциясы, бронхит, пневмония же астма сыяктуу илдеттерге бала кезинде да, чоңойгондо да тез кабылып калышы мүмкүн; *Балада окууда кыйынчылыктар жана психологиялык көйгөйлөр болушу мүмкүн – депрессия, тынчсыздануу, гиперактивдүүлүк, жетиле электик ж.б.; *Балдарда өпкө оорулары, кулак оорулары, аллергия, өпкө рагы ж.б.. Онкологиялык оорулар, жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары пайда болушу мүмкүн.

Categories: Тамеки

Leave a Reply

Your email address will not be published.