COVID 19

COVID-19: 60 жаштан ашкан адамдар үчүн өтө кооптуу

1024

60 жаштан ашкан адамдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар COVID-19дан улам илдеттин оор өтүшүнө жана начар натыйжаларга дуушар болушат. Ал эми эмдөө вирустун бардык варианттарынан катуу оорунун, ооруканага жатуунун жана өлүмдүн алдын алууга жардам берет.

COVID-19 каршы вакциналар улгайган адамдар жана өнөкөт оорулары барлар үчүн коопсуз. Вакцинациядан кийин күтүлгөн ысытма, чыйрыгуу, чарчоо сыяктуу терс реакцияларды коронавирустан кийинки татаалдашуулар менен салыштырууга болбойт.

Тобокел топтордогу адамдар COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүлөрү зарыл. Максималдуу жогорку иммундук жоопту калыптандыруу үчүн вакцинанын 2-дозасынан кийин 4-6 айдан соң бустердик дозаны алуу сунушталат.

4-доза менен эмдөө биринчи бустерден кийин (3-доза) 4-6 ай өткөндө жасалат.

Бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан эмделүүгө болот.

Бүгүнкү күнү өлкөдө Sinopharm вакциналары жетиштүү санда бар. Ошондой эле жакында Pfizer вакцинасынын келиши күтүлүүдө.

60 жаштан жогорку курактагылар үчүн коронавирус инфекциясынын алдын алуу боюнча сунуштар

Эмне үчүн COVID-19 илдети улгайган адамдар үчүн кооптуу?

60 жаштагы жана андан жогорку курактагы адамдар коронавирустук оорусунун жогорку тобокелдик тобуна кирет жана оорунун оор өтүшү аларда башкаларга караганда жогору.

Улгайган адамдарды коронавирус инфекциясынан кантип коргоо керек?

COVID-19 илдетинен коргонуунун эң натыйжалуу жолу бул эмдөө.

Кандай учурларда эмдөө жүргүзүлбөйт?

Курч ооруларда (курч респиратордук вирустук, курч ичеги-карын жугуштуу оорулары жана башка), өнөкөт оорулары күчөгөн учурда, мурда катуу аллергиялык реакциялар менен коштолгон болсо, эмдөө көрсөтүлгөн эмес.

Эмдөөдөн кийин эмне болушу мүмкүн?

Эмдөөдөн кийин ийне сайылган жердин оорушу, кычышуусу, шишиги, кызаруусу, дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык, булчуңдардын жана муундардын оорушу мүмкүн.

Адаттагыдай эле бардык белгилер 1-3 күндүн ичинде өзүнөн өзү өтүп кетет.

Өнөкөт оорулары бар (жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети ж.б.) адамдар эмделсе болобу?

Ар кандай өнөкөт оору эмдөө жүргүзүү үчүн кошумча көрсөткүч болуп саналат. Өнөкөт оорулары бар адамдарды эмдөө дарыгер тарабынан аныкталат.

Эмдөө ооруну күчөтпөйт. Анын өтүшүнө терс таасирин тийгизбейт.

Вакцина менен дары ичүү кандайча айкалышат?

Эмдөө менен айкалыштырууга болбой турган дары-дармектер жок.

Көпчүлүк учурда дарыгер мурда тандап алган схема боюнча дары-дармектерди колдонууну улантуу керек.

Эгерде адамдар буга чейин COVID-19 илдети менен ооруган болсо, алар эмдөөдөн өтүшү керекпи?

Эгерде улгайган адам мурда COVID-19 илдети менен ооруган болсо, анда ал кайра инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу бар. Ошондуктан, ооругандардын бардыгы айыгып калыбына келгенден кийин эмдөөдөн өтүшү зарыл.

Бустердик доза деген эмне? Ал улгайган адамдарга керекпи?

Бустердик доза – бул алгачкы эмдөөдөн кийинки вакцинанын кошумча дозасы. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, эмдөөдөн 4-6 ай өткөндөн кийин организмдин иммундук коргонуусунун тез төмөндөшү байкалат.

Ошондуктан COVID-19 илдетинен иммунитетти кармоо үчүн, бустердик дозаны алуу керек.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.