ЖАҢЫЛЫКТАР

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору эл аралык эне тили күнүн белгиледи

901

Эл аралык эне тил күнү 2000-жылдан бери 21-февралда белгиленет. Иш-чаранын башкы максаты көп тилдүүлүктү жана маданий көп түрдүүлүктү калыптандырууга өбөлгө түзүү болуп саналат.

Белгиленген дата 1999-жылы 17-ноябрда ЮНЕСКО уюмунун Башкы конференциясында жарыяланган.

Эне тил күнүнө карата Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунда, эмгек жамаат тарабынан уюштурулган маданий иш-чара болуп өттү. Мында эне тилинин тарыхын чечмелеген көргөзмө уюштурулуп, тили жок улут болбостугу баса белгиленди. Саамалык түрдүү концерттик программа менен коштолду.

Ден соолукту чыңдоо жана оорулардын алдын алуу боюнча маалыматтар так жана тастыкталып, мамлекеттик жана расмий тилдеринде калкка берилиши ыктымал.

Эмгек жамаат ар бир иштелип чыккан материалдын сапаттуу жазылышына терең көңүл буруп, редакциялык жамааттын кароосуна коет. Анын оң чечимин алган материалдар гана коммуникациялык каналдар аркылуу таратылат.

Эне тил күнү ден соолукту чыңдоо ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө терең мааниге ээ.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун эмгек жамааты эл аралык эне тил күнү менен куттуктайт!

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.