ЖАҢЫЛЫКТАР

COVID-19: ДИНИЙ ИШМЕРЛЕР ЭМДӨӨДӨН ӨТҮП ЖАТЫШАТ

383

Баткен облусундагы мечит жана намазканаларда элди вакцина алууга үндөө иштери күчөтүлөт.
Бул боюнча Баткен шаарынын мечит имамынын орун басары Камилбек Сүйүнов билдирди.
Анын айтымында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан вакциналардын иштөө касиети, эффективдүүлүгү жана сапаты жөнүндө кеңири маалыматтарды берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында атайын өкүлдөр келишкен.
“Биз Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору уюштурган иш-чарага катыштык. Коронавирус инфекциясына каршы вакциналар жөнүндө тастыкталган маалыматтарды алдык. Эми дин тармагында эмгектенген кесиптештерибиз менен бирге элди вакцина алууга үгүттөө иштерин күчөтөбүз”, – деди Сүйүнов.
Ден соолукту чыңдоо борборунун адистери медициналык эмес чөйрөдө эмгектенгендер үчүн вакциналар жөнүндө семинар уюштуруп, иш-чарадан кийин диний ишмерлер жана кабарчылар Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, вакцина алышты.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.