Кант диабети

Жугуштуу эмес оорулардын ичинен кант диабетин көзөмөлдөө боюнча жумушчу жолугушуу өттү

991

Кант диабети жылдан-жылга өсүүдө. Миллиондогон адамдын өмүрүн алган жана өмүр бою созула турган олуттуу абал. Ар бир адам кант диабети оорусуна чалдыгышы мүмкүн.

🟧Организм кандагы бардык кантты (глюкоза) кайра иштете албай калганда оору пайда болот, ал өтүшүп кеткен мезгилде инфаркт, инсульт, көздүн көрүүсү начарлап сокурдукка чейин алып барат, өкүнүчтүүсү бөйрөк иштебей же буттарды кесип салууга чейин алып келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматына ылайык, бул көйгөй курчуп жатат.

🟧Дүйнө жүзү боюнча 422 миллион киши диабет менен жашайт. Ал эми Кыргызстанда кант диабети менен жабыркап каттоодо турган 78 524 адам бар.

🟠2023-жылдын 24-25-ноябрында Баштапкы медициналык-санитардык жардам денгээлинде жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү чараларын бекемдөө боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.

🟠Кеңешме, кант диабетин дарылоого жана диабеттин татаалданышын алдын алууга басым жасоо менен натыйжалуулукту жогорулатуу максатында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен уюштурулду .

🟠Иш-чарага, Чүй облусунун пилоттук райондорунун медициналык мекемелеринин клиникалык жетекчилери, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун өкүлдөрү, ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери, үй-бүлөлүк медайымдар катышышты.

🟠Жолугушууда, медицина кызматкерлери билим денгээлин жогорулатуу үчүн бири-бири менен тажрыйбаларын бөлүшүшүп, бир топ жаңы ыкмаларды өздөштүрүштү.

🟠Андан сырткары долбоор алкагында 2023-жылдагы аткарылган иштер талкууланып, келерки жылга жаңы ыкмалар менен бейтаптарды көзөмөлдөө өзгөчөлүктөрү белгиленди.

🟠Бардык билимдер (мозговой штурм), интерактивдүү ыкмалар менен коштолду, ошондой эле медицина кызматкерлери физикалык активдүүлүктү жайылтуу үчүн жумуш ордунда жана таза абада көнүгүүлөрдү жасашты.

🟡“Бул жумушчу жолугушууда кант диабети боюнча жыл бою алган билимибизди кайталап жана баалоонун жыйынтыгын талкуулап бейтап менен мотивациялык маек куруунун ыкмаларын үйрөндүк”-деп билдирди, Аламүдүн районунун Ала-Тоо ҮДТ клиникалык жетекчиси Карасёва Наталья.

Leave a Reply

Your email address will not be published.