COVID 19

COVID-19: Медицина кызматкерлери мектептерде беткап режимин улантууну сунуштайт

133

Жаңы окуу жылы мектептерде санитардык-гигиеналык эрежелер толугу менен сакталышы керек. Бул боюнча КР ССМ оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча адиси Мария Кушубакова билдирди.

Анын айтымында, мектеп босоголоруна санитайзерлерди орнотуу, социалдык аралыкты сактоо, ажатканаларды тазалык каражаттары менен камсыздоо керек. Ошондой эле окуучулардын жанында антисептик же нымдуу сүлгү болушу шарт.

“Азыркы учурда Кыргызстанда беткап режими жокко чыгарылган. Бирок күз-кыш айлары COVID-19, сасык тумоо сыяктуу жугуштуу оорулар баш көтөрөт. Мындан улам мектептерде беткап режимин сактоону сунуш кылабыз. Аны менен бирге класстарды, коридорлорду 10-15 мүнөт желдетип туруу кажет. Ата-энелер менен мугалимдер кичинекей балдарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого үндөшү керек”, – дейт Кушубакова.

15-22 август аралыгында COVID-19 оорусунун 339 учуру катталган. Анын 5,2% 6 жашка чейинки балдарга, 10,5% 7-12 жашка чейинки балдарга туура келээрин Кушубакова кошумчалады.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.