COVID 19

COVID-19 узакка созулат

710

COVID-19 токтогон жок, ал биздин жашообузда көпкө калат. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборуна берген маегинде Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин инфекциялык, мите оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.

— Оорулардын алдын алуу департаменти дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байкоо салып турабы?

— Ооба, бүгүнкү күндө коронавируска чалдыккандардын азайганына карабастан, биз Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө оорунун жүрүшүнө эпидемиологиялык мониторинг жүргүзүп жатабыз. Ушундай эле иш-чаралар дүйнө жүзү боюнча аткарылууда. Биз буга чейин эле коронавирустун өзгөрүү – мутация жана оңой жайылып кетүү жөндөмдүүлүгү бар экенин билгенбиз.

Ошондуктан Кыргызстанда жаңы штаммдар пайда болгон шартка даяр туруу үчүн биз аларга жана өтүү өзгөчөлүктөрүнө көзөмөл кылып турганыбыз маанилүү болуп саналат. Мониторингдин маалыматы боюнча коңшу өлкөлөрдө Омикрон-штаммынын жаңы типтери «Кракен» жана «Цербер» аныкталган. Негизинен алар жеңил өтүп, амбулатордук шартта дарыланат.

— Өлкөбүздө COVID-19дун кайсы штаммдары жүрүүдө?

— Бизде кайсы штаммдар жүрүп жатканын билүү үчүн биз ПЧР-тесттердин оң жыйынтыктарын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун референс-лабораториясына жөнөтөбүз. Ал эми бүгүнкү күнгө карата республикабызда коронавирустун жаңы түрлөрү катталган жок. Алынган акыркы маалыматтарга ылайык бизде «Омикрон» штаммы жүрүүдө.

— COVID-19 илдети боюнча өлкөдөгү болжолду айта аласызбы?

—  Өлкөбүздө коронавирус боюнча абал туруктуу, жума сайын аздан гана учурлар катталууда.

COVID-19 токтогон жок, ал биздин жашообузда көпкө калат. Коронавирус буга чейин да аныкталган, оору күч алып, кийин курч респиратордук вирустук инфекциялардын тобуна кирген учурлар болгон. Биз жаңы SARS-CoV-2 коронавирустук инфекциясы да акырындык менен бул топко кирет деп болжолдоп жатабыз.

— Бул биз мындан ары SARS-CoV-2 жаңы коронавирус инфекциясынан коркпой эле койсок болот дегенди билдиреби?

COVID-19 өзүн башка КРВИ сыяктуу эле алып жүрөт. Сасык тумоо өзүн кандай алып жүргөнүн көрүп жатабыз, ал биздин жашообузда көптөн бери бар. Ал дагы мутацияга жөндөмдүү. Эпидемиологиялык маалда биз ооруга чалдыккандардын көбөйгөнүн байкайбыз, стационарлар толуп, татаал түрлөрү да учурайт. Адамдар сасык тумоону өтө кыйын көтөргөн учурлар көп кездешет, өлүмгө дуушар болгондор да болот. Дүйнө жүзүндө ушундай көрүнүш. Ошондуктан, келечекте COVID-19 өзүн кандай көрсөтөрүн так айтуу кыйын. Эгерде адамдын иммунитети начар, өнөкөт оорулары бар болсо, кайсы инфекция болбосун, SARS болсо дагы, аны оор көтөрөт.

— Мындай шартта калк кантип сактануусу керек?

Эң негизгиси – алдын алуу жана ооруп калган учурда илдеттин оор өтүүсүнүн жана татаалдашуулардын алдын алуу үчүн тийиштүү туура дарылануу. Бул үчүн КРВИ белгилери пайда болгондо, сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу керек, зарыл учурда КРВИ түрүн аныктоо үчүн лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүү кажет.

— COVID-19 жана сасык тумоону бир учурда жугузуп алуу мүмкүнбү?

— Оорунун сезонунда бир эле учурда вирустун бир нече түрүн жуктуруп алышыңыз мүмкүн. Кээ бирөөлөр ооруп айыгып, кайрадан ооруп калдым дешет. Вакцина таасир бербей жатканын айтышат. Бул туура эмес! Сиз бир вируска чалдыккан болсоңуз, ошол эле учурда башкасын дагы жугузуп алышыңыз ыктымал.

Биз вакцина оорунун катуу өтүшүнөн, өлүмгө алып келүүчү кесепетинен коргой турганын эстен чыгарбашыбыз керек. Кыйынчылыктар болбошу үчүн эмдөө жүргүзүлөт. Биз эмдөөнү улантышыбыз керек. Вакцина ала электерди же кошумча дозага убакыт келип жеткендерди ҮМБга кайрылып, COVID-19га каршы вакцина алууга чакырам.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.